13

Май

2025

Министрлер Кабинети чет өлкөлүк жарандарга “Санариптик көчмөн” статусун ыйгаруунун тартиби жөнүндө жобону бекитти

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети чет өлкөлүк жарандарга “Санариптик көчмөн” (“Digital nomad”) статусун ыйгаруунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу токтом кабыл алды. Тиешелүү чечимге Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. 

Жобонун негизги максаты:

– Кыргыз Республикасында инновациялык долбоорлорду жана экономиканын жогорку технологиялык тармактарын өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү;

– маалыматтык-коммуникациялык технологиялар, программалык продукттарды иштеп чыгуу чөйрөсүнө жана башка чектеш чөйрөлөргө чет өлкөлүк адистерди жана инвестицияларды тартуу;

– арыздарды берүүнүн, документтерди текшерүүнүн жана “Санариптик көчмөн” статусун ыйгаруу жөнүндө чечимдерди кабыл алуунун натыйжалуу механизмин түзүү. 

Ага ылайык, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги:

– чет өлкөлүк жарандарга “Санариптик көчмөн статусун ыйгарууну белгиленген тартипте камсыз кылат;

– “Санариптик көчмөн” статусунун ыйгарылышына туруктуу негизде мониторинг жүргүзөт;

– зарыл учурда чет өлкөлүк жаран билдирген иштин түрүн баалоо үчүн мамлекеттик органдарды, адистештирилген компанияларды, эксперттик уюмдарды жана компетенттүү адистерди тартат. 

Ал эми, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы чет өлкөлүк жарандардын – жеке ишкерлер катары катталган, “Санариптик көчмөн” статусунун ээлеринин санын эсепке алууну жүзөгө ашырат. 

Кабыл алынган токтом тууралуу толук маалымат алуу үчүн төмөндөгү ссылкага кирсеңиздер болот. 

https://www.gov.kg/ky/npa/s/4648