14
Май
Депутат Балбак Түлөбаевдин депутаттык сурамга жооп боюнча билдирүүсүнө Президенттин Администрациясынын Маалыматтык саясат кызматынын расмий түшүндүрмөсү
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Балбак Түлөбаевдин Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин дарегине жолдогон анын депутаттык сурамына жооп жоголуп кетти, деп божомолдоп, 2025-жылдын 14-майында айткандарына байланыштуу Маалыматтык саясат кызматы төмөндөгүлөрдү билдирет.
Депутат Балбак Түлөбаевдин 2025-жылдын 23-январындагы № 6-102и/25 сурамы Президенттин Администрациянын канцеляриясына 2025-жылдын 27-январында келип түшкөн. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Иш кагаздары менен иштөө регламентине (Администрация Жетекчисинин 2021-жылдын 26-октябрындагы № 571 тескемеси) ылайык сурам катталып, кечиктирилбестен аткарууга өткөрүлүп берилген.
Президенттин Администрациясында электрондук документ жүгүртүү системасы киргизилгенин жана ал натыйжалуу иштеп жатканын белгилей кетүү маанилүү. Бул система кириш жана чыгыш корреспонденцияларды ыкчам иштеп чыгууну камсыз кылат, документтерди жоготуу тобокелдиктерин минималдаштырат жана депутаттык сурамдарды өз убагында кароону кепилдейт.
КР Финансы министрлиги тарабынан мыйзамда белгиленген мөөнөттө даярдалган жооп Жогорку Кеңешке 2025-жылдын 10-февралында - /1850 номери менен жөнөтүлгөндүгү буга далил болуп саналат. Электрондук документ жүгүртүү системасында документтин кыймылынын хронологиясы (тиркелет) сурамды иштеп чыгуунун ар бир этабын көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берип, бул кандайдыр бир кечигүүлөрдүн болушун жокко чыгарат. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы туруктуу негизде бардык кат-кабарлардын иштелип чыгышына тийиштүү контролду камсыз кылат, ачыктык жана айкындуулук принциптерин карманат.