15
Май
МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев: Сооронбай Жусуев - бүткүл өмүрүн, талантын эл-журтуна арнаган кыргыз адабиятынын барандуу өкүлү, көркөм сөз өнөрүнүн чебери
Бүгүн Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында Кыргыз Республикасынын Баатыры, Эл акыны, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Сооронбай Жусуевдин 100 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
Майрамдык салтанатка Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев катышты.
“Бүгүн биз Кыргыз Республикасынын Баатыры, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, эл акыны Сооронбай Жусуевдин 100 жылдык мааракесин зор урмат менен белгилеп жатабыз. Ошол эле учурда бул дата Улуу Жеңиштин 80 жылдыгы менен дал келип жатат. Мындай мааракени – каармандык менен руханий байлыктын айкалышкан символу катары кабылдасак болот”, - деди МинКаб Төрагасы.
Төрага Сооронбай Жусуевдин чыгармачылыгы кыргыз элинин жүрөгүндө өзгөчө орунду ээлерин, ал эми акындын өмүр жолу - эрдиктин жана мекенге берилгендиктин үлгүсү экенин баса белгиледи: ал 18 жашка чыгары менен согушка чакырылып, 2 жолу катуу жарадар болгон, ошондогу элестер аны өмүр бою коштоп жүргөн.
“Жусуевдин руханий мурасында "Курманжан датка" жана "Исхак Раззаковдун тагдыры" аттуу романдары өзгөчө орунду ээлейт. Анда кыргыз тарыхынын маанилүү этаптары, Мекенди сүйүү, элдин ынтымагы жана билимге болгон умтулуу темалары чагылдырылган”, - деп кошумчалады.
МинКаб Төрагасы “бүгүнкү иш-чара – жөн гана эскерүү эмес, ар бирибизге тарыхты таанып, ата-бабалардын элесин урматтоого, татыктуу урпак болууга чакырык катары билерин" баса белгиледи.
Ал Сооронбай Жусуевдин 100 жылдык мааракесинин алкагында Кыргызстанда 100дөн ашык иш-чара өтө турганын кошумчалады.
“Президентибиз Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында Кыргызстан туруктуу өнүгүүгө карай багыт алды: ички дүң продукциябыз, бюджетибиз өстү, чек арабыз бекемделип, миңдеген курулуштар жүрүп, өлкө жаңыланууда. Мамлекетте Сооронбай Жусуев сыяктуу залкар инсандарды даңктап-даңазалап, колдоп алуу үчүн жетиштүү каражаттар, мүмкүнчүлүктөр бар. Маданиятты колдоо 3 эсеге өстү. Мындан ары да Кыргызстан элдин руханий казынасын аяр сактоону, баалоону жана көбөйтүүнү улантат. Мамлекет – элдүүлүгү менен улуу жана күчтүү. Ырыс алды – ынтымак. Ынтымагыбыз, тынчтыгыбыз бекем болсун!” – деп МинКаб Төрагасы сөзүн жыйынтыктады.