16

Май

2025

МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев Германия жана Австриянын ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү менен жолугушту

Бишкек, “Ынтымак-Ордо”, 2025-жылдын 16-майы – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин Кыргыз Республикасынын Германия жана Австриядагы Ардактуу консулдары, ошондой эле Кыргыз-Герман Ишкерлер кеңешинин германиялык бөлүгүнүн тең төрагасы Клаус Элердинг башында турган германиялык бизнестин өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп өттү.

Адылбек Касымалиев конокторду тосуп алууда Германия жана Австрия менен өз ара мамилелердин маанилүүлүгүн белгилеп, өз ара кызыкчылык жараткан бардык тармактарда кызматташууну мындан ары тереңдетүүгө кызыкдар экендигин билдирди. Ал акыркы жылдары өлкөлөр ортосундагы саясий жана экономикалык өз ара аракеттенүүнүн динамикалуу өнүгүшүн баса белгиледи.

Адылбек Касымалиев КР Президенти Садыр Жапаровдун 2024-жылдын ноябрь айында Австрия менен Германияга жана Германиянын Федералдык Президенти Франк-Вальтер Штайнмайердин 2023-жылы Кыргызстанга болгон расмий сапарлары ийгиликтүү болгонун эске салды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Адылбек Касымалиев конокторго Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсү тууралуу маалымат берип, акыркы үч жылда өлкө экономикалык турукташууну жана өсүүнү көрсөтүп жатканын белгиледи. 2025-жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы боюнча экономиканын өсүшү 13,1%ды түздү.

Тараптар Германия жана Австрия менен экономикалык кызматташууну мындан ары кеңейтүү маселелерин, ошондой эле Германия экономикасынын Чыгыш комитетинин колдоосу менен Кыргыз-Герман Ишкерлер кеңешинин кезектеги жыйынына жана “Кыргызстандагы Германия экономикасынын күндөрү” бизнес-форумуна даярдыктарды талкуулашты.

Өз кезегинде Германия жана Австриядагы Кыргыз Республикасынын Ардактуу консулдары болуп саналган германиялык бизнес коомчулугунун өкүлдөрү Кыргызстанда инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жолу менен экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экендигин билдиришти.


Жолугушуунун соңунда тараптар өз ара кызыкчылыктын бардык чөйрөлөрүндө активдүү диалогго жана өз ара аракеттенүүгө даярдыгын билдиришти.