17

Май

2025

МинКаб Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев британиялык UKEF экспорттук-кредиттик агенттигинин Башкы аткаруучу директору Тим Рейд менен жолугушту

img

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугуна болгон иш сапарынын алкагында британиялык экспорттук-кредиттик агенттиктин (United Kingdom Export Finance) Башкы аткаруучу директору Тим Рейд менен жолугушту.

Тараптар Кыргызстан үчүн ачылган жеңилдетилген кредиттик линиянын алкагында айыл чарба тармагында жана энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндө биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун келечегин талкуулашты.

Данияр Амангельдиев Улуу Британия менен экономикалык байланыштарды чыңдоо маанилүү багыт экенин жана биз британиялык UKEF (United Kingdom Export Finance) экспорттук-кредиттик агенттигинин өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө салым кошкон долбоорлорду колдоого даярдыгын жогору баалайбыз, деп баса белгиледи.

Британиялык экспорттук-кредиттик агенттиктин (United Kingdom Export Finance) Башкы аткаруучу директору өз кезегинде Агенттик аркылуу ар кандай долбоорлорду каржылоо маселеси боюнча Кыргыз Республикасы менен ар тараптуу иш алып барууга даяр экендигин билдирди.