18
Май
МинКаб Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев Улуу Британиянын Тышкы иштер, Шериктештик жана өнүгүү иштери боюнча министрлигинин санкциялар боюнча Директору менен жолугушту
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугуна болгон иш сапарынын алкагында Улуу Британиянын Тышкы иштер, Шериктештик жана өнүгүү иштери боюнча министрлигинин санкциялар боюнча Директору Дэвид Рид менен жолугушту.
Тараптар санкциялык режимди сактоо, ошондой эле санкциялык талаптарды айланып өтүүгө жол бербөө маселелерин талкуулашты.
Жолугушуунун жүрүшүндө Улуу Британиянын Тышкы иштер министрлигинин санкциялар боюнча Директору Дэвид Рид санкциялык талаптарды айланып өтүүгө катышкан учурда Кыргыз Республикасынын тышкы экономикалык ишмердүүлүгүнүн субъектилери үчүн тобокелдиктер тууралуу Улуу Британиянын тынчсыздануулары менен бөлүштү.
Данияр Амангельдиев Кыргыз Республикасы тарабынан санкциялык режимди сактоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар, ошондой эле финансылык рыноктун катышуучулары менен жүргүзүлүп жаткан иштер жана санкциялык талаптарды айланып өтүүгө жол бербөө боюнча тышкы экономикалык ишмердүүлүк жөнүндө маалымдады.
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Батыш өнөктөштөрдү тынчсыздандырган “Кыргыз Республикасынын соода компаниясы” ААКнын жана “Борбордук Азиянын Капитал Банкы” ААКнын ишмердүүлүгү жөнүндө кеңири маалымат берди, аларды түзүүнүн максаты жана милдеттери түшүндүрүлдү - алар соода жана финансылык операцияларды системалаштырат, мониторинг жасашат.
Тараптар жогоруда аталган компанияларга эл аралык деңгээлде таанылган аудитордук компаниялар тарабынан жакынкы келечекте алардын ишинин ачыктыгына аудит жүргүзүүнүн перспективалары боюнча пикир алмашты, ошондой эле бул багытта ишти улантууну шартташты.
Жыйынтыгында тараптар маселенин маңызы боюнча диалогду улантууга даяр экендиктерин билдиришти.