19
Май
Адылбек Касымалиев: 2030-жылга чейинки мезгилге карата Улуттук өнүктүрүү программасынын негизги миссиясы – биздин жарандарыбыздын бакубатчылыгын жогорулатуу
Бишкек, “Ынтымак Ордо”, 2025-жылдын 19-майы - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев 2030-жылга чейинки мезгилге карата Улуттук өнүктүрүү программасынын долбоорун талкуулоо боюнча кеңейтилген кеңешме өткөрүүдө. Министрлер Кабинетинин Төрагасы улуттук деңгээлдеги бул стратегиялык документ өлкөбүздүн орто мөөнөттүү өнүгүү жолун тактап, мамлекеттик саясаттын негизи болуп саналарын айтты.
“Программанын негизги миссиясы – биздин жарандарыбызга татыктуу шарттарды түзүп, бакубатчылыгын жогорулатуу. Документте өлкөнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттырган өзгөчөлүктөрүн, мүмкүнчүлүктөрүн жана глобалдык тренддерди эске алуу менен төрт өнүгүү векторлору аныкталган, алар: индустралдаштыруу, регионалдык хаб, айыл чарба жана туризм, жашыл энергетика”, - деп Адылбек Касымалиев баса белгиледи.
Кеңешменин алкагында экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Программанын долбоорунун негизги багыттары тууралуу айтып берди. Документ өзүнө төмөнкүдөй бөлүмдөрдү камтыйт: руханий жана адеп-ахлактык өнүгүү, өнүгүү векторлору, чакан жана орто бизнести колдоо, каржы рыногун өнүктүрүү, санариптештирүү, социалдык өнүктүрүү, мамлекеттик башкаруу, укуктук системаны өнүктүрүү, тышкы саясат жана улуттук коопсуздук, климаттын өзгөрүшүнө туруктуулук жана программаны ишке ашырууну башкаруу.