19
Май
Адылбек Касымалиев: 2025-жылдын башынан бери экономикалык өсүштүн жогорку темпи сакталууда
Бишкек, “Ынтымак Ордо”, 2025-жылдын 19-майы - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев кеңейтилген кеңешменин алкагында Министрлер Кабинетинин үстүбүздөгү жылдын 4 айындагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары тууралуу айтып берди.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы позитивдүү макроэкономикалык көрсөткүчтөрдү белгилеп, экономиканын өсүшүнүн жогорку темпи сакталып жатканын баса белгиледи.
“2025-жылдын төрт айынын жыйынтыгы менен ички дүң продукциянын көлөмү 442,4 млрд сомду түздү. Экономиканын реалдуу өсүү темпи 11,7 % түздү. ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ичинен ички дүң продукциянын өсүү темпи боюнча Кыргызстан эң жогорку көрсөткүчтөрдү көрсөтүп, алдыда келе жатат. Бул өсүү темпи бардык тармактарда оң көрсөткүчтөр менен камсыздалды”, - деди ал.
Адылбек Касымалиев 2025-жылдын январь-апрель айларында мамлекеттик бюджеттин ресурстары 264,9 млрд сомду түзүп, план14,6 млрд сомго ашыгы менен аткарылганын – 105,8 %ды түзгөнүн (бекитилген план – 250,3 млрд сом) кошумчалады.
Мамлекеттик бюджеттин кирешелери 211,6 млрд сомду түзүп, план 106,3 %га аткарылды. Былтыр 4 айдын жыйынтыгы менен бул көрсөткүч 126,4 млрд сомду түзгөн. Демек, быйыл мамлекеттик бюджеттин кирешелери 85,1 млрд сомго көбөйдү.
Мамлекеттик салык кызматынын түшүүлөрү 89,8 млрд сомду түзүп, 83,4 млрд сомдук план 107,6 %га аткарылды. Былтыркы жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 25,7 млрд сомго көп чогулду.
Мамлекеттик бажы кызматынан 41,9 млрд сом чогулуп, план 101 %га аткарылды. Былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,2 млрд сомго көп чогулду.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы быйыл эл аралык рейтинг агенттиктеринен Кыргыз Республикасынын суверендүү кредиттик рейтингин алуу боюнча жемиштүү аракеттер жүргүзүлгөнүн баса белгиледи. Тактап айтканда, мартта Кыргыз Республикасына эл аралык S&P Global Ratings агенттиги тарабынан “Туруктуу” деген божомол менен “В+” суверендүү кредиттик рейтинги ыйгарылды. Ушул жылдын апрель айында эл аралык Fitch Ratings агенттиги тарабынан “Туруктуу” деген божомол менен “В” суверендүү кредиттик рейтинги ыйгарылды.
Бул жыйынтыктар жогорку макроэкономикалык көрсөткүчтөр, мамлекеттик карыздын туруктуу деңгээли жана өлкөдө ийгиликтүү жүргүзүлүп жаткан реформалардын негизинде баа берилген.
МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев Экономика жана коммерция министрлигине, Финансы министрлигине жана Улуттук банкка тийиштүү жол картасын бекитүү менен өлкөнүн позициясын мындан ары чыңдоону жана рейтингдик агенттиктер менен тыгыз кызматташууну уюштурууну тапшырды.