19

Май

2025

Президенттин Администрациясында 2025-жылы энергодолбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү жана тармакты өнүктүрүү маселелери каралды

Бишкек, “Ынтымак Ордо”, 2025-жылдын 19-майы - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев кеңейтилген кеңешменин алкагында Министрлер Кабинетинин үстүбүздөгү жылдын 4 айдагы ишинин жыйынтыгы боюнча энергетика тармагын өнүктүрүү жана масштабдуу энергодолбоорлорду ишке ашыруу боюнча маалымат берди.

МинКаб Төрагасы 2025-жылдын 31-мартында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жана Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмондун катышуусунда CASA-1000 долбоорунун жаңы этабы ишке киргенин айтып өттү. Эки өлкөнүн энергетикалык системаларын бириктирген
“Датка-Сугд” жогорку чыңалуудагы электр линиясын ишке киргизүү менен белгиленди.

“Бул окуя Кыргызстан менен Тажикстандан Афганистан жана Пакистанга электр энергиясын экспорттоого багытталган трансрегионалдык энергетикалык долбоорду ишке ашыруудагы маанилүү кадам болуп калды. Негизги энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн да белгилеп кетүү маанилүү. Камбар-Ата ГЭС-1нин техникалык-экономикалык негиздемесин актуалдаштыруу жана айлана-чөйрөгө жана социалдык чөйрөгө тийгизген таасирин баалоо боюнча документтер соңку этапка жетти. Долбоорду Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстан ортосунда биргелешип ишке ашыруу максатында өкмөттөр аралык макулдашууну даярдоо иштери жүрүп жатат. Апрелде Дүйнөлүк банктын тобу жана Эл аралык валюта фондунун “Жазгы жыйындарынын” алкагында Вашингтон шаарында долбоорду илгерилетүү боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Камбар-Ата-ГЭС-2нин экинчи гидроагрегатын ишке берүү жана үстүңкү суу таштоочу курулмасын куруу иштери жүрүп жатат. Жаңы ГЭСтер курулуп жатат: кубаттуулугу 21 МВт Орто-Токой ГЭСи, кубаттуулугу 18 МВт Каракөл ГЭСи, кубаттуулугу 25 МВт Папан ГЭСи”, - деди Адылбек Касымалиев.

Анын айтымында, 2025-жылы жалпы кубаттуулугу 69,8 МВт болгон 18 чакан ГЭСти ишке берүү пландалууда.