19
Май
Адылбек Касымалиев: Быйыл 128 инвестициялык долбоорду ишке ашыруу менен 14 миңге жакын жаңы жумуш орундары түзүлөт
Бишкек, “Ынтымак Ордо”, 2025-жылдын 19-майы - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев кеңейтилген кеңешменин алкагында Министрлер Кабинетинин үстүбүздөгү жылдын 4 айдагы аткарган иштеринин жыйынтыгы тууралуу айтып берди.
МинКаб Төрагасы Министрлер Кабинети тарабынан ишкердикти колдоого багытталган ар тараптуу комплекстүү чаралар көрүлүп жатканын белгиледи. “Кыргыз Республикасынын чакан жана орто ишкердик субъекттерин жеңилдетилген кредиттөө” долбоору бекитилди, ага ылайык ишкерлерге арзан насыялар берилет. Мамлекет кредиттер боюнча пайыздык төлөмдөрдүн жүгүнүн бир бөлүгүн компенсация аркылуу өз мойнуна алат. Мындан сырткары, “Микро жана чакан ишкердик субъекттерин шашылыш колдоо” долбоорунун алкагында жалпы суммасы 8,5 млрд сомду түзгөн пайызсыз насыялар берилүүдө. Бүгүнкү күнгө карата 11 307 ишкер насыяларды алды.
Адылбек Касымалиев ушул жылдын аягына чейин 128 инвестициялык долбоорду ишке ашыруу пландалып жатканын баса белгиледи.
“Ушул жерде отурган ар бир жетекчиге 128 долбоорду ишке ашырууга жардам берүүгө, аларда пайда болгон көйгөйлүү маселелерин чечүүгө жеке жоопкерчилик бекитилген. Жакында бул маселе боюнча өзүнчө жыйын уюштурулат. Көйгөйлөр жаралбашы керек, иш басаңдаса – тийиштүү чаралар көрүлөт”, - деп, Адылбек Касымалиев бул долбоорлорго жалпы 1,7 млрд АКШ долларынан ашык өлчөмүндө инвестиция тартылып, 14 миңге жакын жаңы жумуш орундары түзүлөрүн кошумчалады.