19

Май

2025

Негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 2025-жылдын 4 айында 62%га өстү - бул акыркы жылдардагы эң жогорку көрсөткүч

Бишкек, “Ынтымак Ордо”, 2025-жылдын 20-майы – Негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 2025-жылдын 4 айында 62%га өсүп, 70,1 млрд сомду түздү, бул акыркы жылдарга салыштырмалуу эң жогорку көрсөткүч. Бул сумманын 35,5 %ы республикалык бюджеттен каржыланган. Мындай маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Министрлер Кабинетинин үстүбүздөгү жылдын 4 айдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча кеңейтилген кеңешменин алкагында билдирди.

МинКаб Төрагасынын айтымында, азыркы учурда 519 социалдык объект боюнча долбоорлоо, ремонт жана курулуш иштери жүрүүдө.

Адылбек Касымалиев Курулуш министрлигине быйылкы жылы 200дөн кем эмес социалдык объектилерди бүткөрүү жана ишке берүү зарылдыгын белгилеп, курулуш басаңдабашы керектигин тапшырды. Финансы министрлигине тийиштүү каражатты өз учурунда бөлүп туруу тапшырылды.

Мындан тышкары, Министрлер Кабинетинин Төрагасы тийиштүү мамлекеттик органдарга өрттөн жабыркаган Кардиохирургия илимий-изилдөө институтунун имаратын тез арада калыбына келтирүү иштерин баштоону тапшырды.

Кеңейтилген кеңешменин жүрүшүндө мамлекеттик ипотекалык программанын алкагында ушул жылга карата 5 615 батирдин курулушунун аякташы күтүлүп жатканы белгиленди. Азыркы тапта өлкө боюнча жалпы аянты болжол менен 4 млн чарчы метрди түзгөн 61 827 батирдин курулушу жүрүп жатат.