20

Май

2025

МинКаб Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев Алжирде Ислам өнүктүрүү банкынын Президенти Мухаммед Аль-Джассер менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Алжир, Алжир Элдик Демократиялык Республикасы, 2025-жылдын 20-майына – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев Алжирге (Алжир Элдик Демократиялык Республикасы) Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) Башкаруучулар кеңешинин жылдык жыйынына катышуу үчүн иш сапарынын алкагында ИӨБ Президенти Мухаммед Аль-Джассер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун учурдагы абалын жана кызматташууну мындан ары өнүктүрүү жана кеңейтүү келечегин талкуулашты.

Данияр Амангельдиев өлкөнүн экономикасынын туруктуу өсүшүн жана өлкөнүн кредиттик рейтингинин Moody's жана S&P агенттиктери тарабынан “Туруктуу+” деңгээлине чейин жакшырышын баса белгилеп, Кыргыз Республикасынын экономикалык көрсөткүчтөрүн айтып өттү.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары ИӨБ менен энергетика секторундагы CASA-1000 долбоорун ишке ашыруунун алкагында кызматташуунун ийгиликтүү тажрыйбасын баса белгиледи. Ал ИӨБ Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу сыяктуу маанилүү долбоорду ишке ашырууда негизги өнөктөштөрдүн бири болоруна ишенимин билдирди.

Данияр Амангельдиев белгилегендей, Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу Кыргыз Республикасы үчүн эң актуалдуу жана артыкчылыктуу долбоорлордун бири болуп саналат. Ал учурда даярдык иштерин каржылоо өз каражаттарынын эсебинен, ал эми техникалык-экономикалык негиздемени актуалдаштыруу жана айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин баалоону иштеп чыгуу боюнча иштер графикке ылайык жүргүзүлүп жатканын жана 2025-жылдын май айынын аягына чейин бүткөрүлө турганын билдирди. 

Андан соң тараптар Кыргыз Республикасында Ислам өнүктүрүү банкы (ИӨБ) менен биргелешкен долбоорлордун портфелин кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Бул контекстте Төраганын биринчи орун басары ИӨБ каржылаган мамлекеттик инвестициялардын учурдагы жана келечектүү долбоорлорун ишке ашырууга көмөктөшүү үчүн атайын техникалык топту түзүүнү колдоду.

ИӨБнын катышуусу менен жеткиликтүү турак жайды каржылоо долбоору өзүнчө каралды. Белгиленгендей, 2024-жылы Кыргыз Республикасы менен ИӨБ ортосунда аталган долбоор боюнча 79 млн АКШ доллары суммасындагы макулдашууга кол коюлган жана учурда аны ишке ашыруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү маселесин чечүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Өз кезегинде ИӨБ Президенти Ислам өнүктүрүү банкы Кыргыз Республикасынын керектөөлөрүнө жана артыкчылыктарына өзгөчө көңүл буруу менен карап, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө мындан ары да ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр деп ишендирди. 

Ал ИӨБ кызматташтыкты кеңейтүү жана өз ара кызыкчылык жараткан жаңы долбоорлорго катышуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга даяр экендигин баса белгиледи.