20
Май
МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстанга жумуш сапары менен келген Сауд Араб Падышалыгынын делегация мүчөлөрү менен жолукту
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасына жумуш сапары менен келген Сауд Араб Падышалыгынын Соода-өнөр жай палаталар федерациясынын Башкармалыгынын Төрагасы Хасан Моажеб Аль-Хувайзи баштаган делегация мүчөлөрүн кабыл алды.
Анда МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев, делегациянын иш сапары кыргыз ишкерлери менен жакындан таанышууга, биргелешкен инвестициялык кызматташуунун келечектүү багыттарын аныктоого, жыйынтыгында өз ара пайдалуу келишимдерге жетишүүгө жакшы өбөлгө болооруна ишеним артаарын билдирди.
“Делегацияңыздын курамына көрүнүктүү, алдыңкы ишканалардын жетекчилери кириптир. Сиз жетектеп келген Сауд Аравиясынын ишкерлер делегациясынын сапары кыргыз-сауд мамилелеринин мындан ары өнүгүшүнө олуттуу түрткү берет деп ишенем. Эки мамлекеттин ортосундагы кызматташтыкта кыргыз-сауд Ишкерлер Кеңешинин ролу дагы абдан маанилүү”, – деди МинКаб Төрагасы.
Ошондой эле Адылбек Касымалиев Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсү жөнүндө токтолуп, соңку үч жылда өлкө экономикасы 9% деңгээлинде ишенимдүү өсүп жатканын, 2025-жылдын 4 айында ички дүң продукциянын көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 11,7 %ды көрсөткөнүн, эл аралык “Стандарт энд Пуурс” рейтинг агенттиги жакында эле Кыргызстанга туруктуу прогноз менен В+ кредиттик рейтингин ыйгарганын, үстүбүздөгү жылдын аягына чейин 128 инвестициялык долбоорду ишке ашыруу пландалганын айтып, бул көрсөткүчтөр жүргүзүлүп жаткан реформалардын натыйжалуулугун ырастап тураарын билдирди.
Өз кезегинде Хасан Моажеб Аль-Хувайзи Кыргыз Республикасы менен Сауд Аравия Падышалыгынын ортосундагы эки тараптуу кызматташтык мындан ары да өнүгө берерине жана өз ара кызыкчылык жараткан бардык тармактар боюнча тереңден иш алынып барыларына ишенерин билдирди.
Маалым болгондой, эки мамлекеттин ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык 2024-жылга карата – 2,83 млн долларды түзгөн.
Мындан тышкары тараптар жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Сауд Арабиянын ортосундагы энергетика тармагы, туризм тармагы, соода-логистикалык борборлорду куруу, тамак-аш продукциясын, эт продукциясын Сауд Арабияга экспорттоо сыяктуу бир катар перспективдүү багыттарды талкуулап, бул тармактарда кызматташуунун мүмкүнчүлүгүн карашты.