21

Май

2025

МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев Талас шаарында 900 орундуу мектептин курулушуна капсула салды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Талас облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Талас шаарында мектептин курулушуна капсула салуу аземине катышты.

Аземге 900 орундуу окуу жайдын курулушун колдоого алган “Газпром Кыргызстан” компаниясынын башкы директору Болот Абилдаев да катышты. 

Иш-чарада МинКаб Төрагасы сөз сүйлөп, чогулгандарды мектептин курулушунун башталышы менен куттуктады.

“Сөзүмдү Манас менен Айтматовдон баштайын деп турам. “Манас” эпосунун башкы  өзөгү – элдин биримдиги, эркиндиги үчүн күрөшү, жашоосу, башкысы – улуу кыргыз дөөлөтүнүн келечеги болгон. Залкар жазуучу Ч.Айтматовдун бардык чыгармаларында адамзаттын ичинде кыргыз элинин түбөлүктүүлүгү, улуулугу айтылат. Ушул улуу максаттарды ишке ашыруучу  бирден бир чоң ордо – бул мектеп. Анткени мектептер – илгертеден элди агартат, балдарга билим берет, тарбиялайт, калктын башкы социалдык муктаждыгын канааттандырат, аймакта жашаган элдин өнүгүүсүн, келечек муундун интеллектуалдык өсүшүн камсыз кылат. Келечек муун гана зор тарбия менен мамлекетти курат, түптөйт, сактайт, кийинки урпактарга өткөрүп берет. Ошол үчүн мектеп – куттуу ордо”, - деди ал.

Адылбек Касымалиев билим берүү тармагына 2020-жылдагыдан 3 эсе көп каржылоо бөлүнүп жатканын кошумчалады. 2020-жылы 37 млрд болсо, 2024-жылы 81 млрд сом бөлүндү. Ал билим берүү тармагында чоң реформалар күтүлүп жатканын баса белгиледи.

“Өлкөдө мектептер жана башка социалдык объекттер тынымсыз курулуп жатат. Бишкекте 5-6 айдын ичинде эле 15 мектеп 3 бала бакча курулду. Өлкөдө 2023-жылы – 143, 2024-жылы – 190 мектеп жаңы салынды. Акыркы 2 жылда Талас облусу боюнча 23 мектеп, 7 бала бакча  курулду”, - деди ал.

Белгилей кетсек, аталган мектептин окуу класстары заманбап интерактивдүү такталар жана компьютердик жабдуулар менен жабдылат. Окуучулардын так илимдерге болгон кызыгуусун арттыруу максатында химия, физика жана биология кабинеттеринде атайын лабораториялары кошо салынат. Мектептин аймагында чоң стадион, машыгуучу зал, футбол талаасы, волейбол жана баскетбол аянтчалары, воркаут зонасы, балдар үчүн оюн аянтчасы курулат. 

Ошондой эле 400 орундуу чоң актовый залы, ашкана жана эс алуу жайлары каралган. Окуучулардын жана мугалимдердин коопсуздугу үчүн видеобайкоо камералары, өрткө каршы коопсуздук системалары жана медициналык кабинет орнотулат.