21
Май
МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев Талас облусун өнүктүрүү программасы менен таанышты
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Талас облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында регионду өнүктүрүү программасы менен таанышты.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев инфраструктураны жакшыртуу, инвестицияларды тартуу, калктын бакубаттуулугун жогорулатууга багытталган артыкчылыктуу долбоорлорду ишке ашыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.
Белгилей кетсек, Талас шаарын өнүктүрүүгө 1 млрд сом бөлүнгөн. Азыркы учурда шаардын жолдорун жана тротуарларды (54 км) куруу, борбордук аянтты реконструкциялоо, суу менен камсыздоо системасын (7,4 км), көчөлөрдү жарыктандыруу системасын куруу, асфальт-бетон, темир-бетон жана таш майдалоочу заводдорду куруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Мындан тышкары, ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктө ири логистикалык борборду, оюн-зоок паркын, заманбап эс алуу зонасын куруу, "Манас Ордо" комплексин реконструкциялоо, вокзалды жана борбордук базарды куруу пландары тууралуу айтылды. Ошондой эле Шекер айылында жазуучу Чыңгыз Айтматовго арналган комплексти реконструкциялоо пландалууда, долбоор боюнча кинозал, мейманкана, китепкана жана музей курулмакчы.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев аймактарды туруктуу өнүктүрүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана жарандардын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган программаларды ырааттуу ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Сапардын жыйынтыгында бир катар долбоорлорду сапаттуу ишке ашыруу жана алардын натыйжалуу аткарылышын көзөмөлдөөнү күчөтүү боюнча конкреттүү тапшырмалар берилди.
Жумуш сапарынын алкагында Министрлер Кабинетинин Төрагасы Кыргыз улуттук "Манас Ордо" комплексине барды.