21
Май
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов ЮНИСЕФтин аймактык директору менен жолугушту
2025-жылдын 21-майында Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) Европа жана Борбордук Азия боюнча Аймактык директору Регина Де Доминичис менен жолугушту.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар ЮНИСЕФ менен Кыргызстандын ортосундагы 2023-2027-жылдарга карата беш жылдык кызматташуу программасын ишке ашыруунун негизги багыттарын талкуулашты. Балдардын укуктарын коргоо, саламаттыкты сактоо, билим берүү жана социалдык кызматтарды санариптештирүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Эдиль Байсалов Кыргыз Республикасы ЮНИСЕФтин Аткаруу кеңешиндеги эки жылдык мандатын аткарууга киришип жатканын баса белгиледи, бул өлкөнүн балдардын бакубаттуулугун камсыз кылуу боюнча глобалдык аракеттерге тартылышын тастыктайт. Ал белгилегендей, мамлекет адам капиталын өнүктүрүүгө инвестицияларды активдүү көбөйтүүдө жана социалдык чөйрөдө масштабдуу реформаларды ишке ашырууда.
Бул өзгөрүүлөрдүн алкагында мектептеги билим берүүнү терең трансформациялоо жүргүзүлүүдө, “Алтын-Казык” программасы кеңейтилүүдө, мектепке чейинки тарбия менен камтуу күчөтүлүүдө, педиатриялык кызмат кайра жанданууда жана өнүгүүдө, ошондой эле ымыркайлардын жана балдардын өлүмүн азайтууга багытталган аялдарга консультация берүү системасы киргизилүүдө.
Регина Де Доминичис Кыргыз Республикасынын балдардын укуктарын коргоо принциптерине берилгендигин жогору баалап, ЮНИСЕФтин улуттук программалар менен демилгелерге ар тараптуу колдоо көрсөтүүнү улантууга даярдыгын билдирди.
Тараптар Кыргызстандагы ар бир баланын кызыкчылыгы үчүн өнөктөштүктү тереңдетүүгө эки тараптуу даярдыгын тастыкташты.