21

Май

2025

МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев Жерүй алтын кениндеги “Альянс Алтын” ишканасына барды, ошондой эле ипотекалык үйлөрдүн курулушунун жүрүшү менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Талас облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Жерүй алтын кениндеги “Альянс Алтын” ишканасына барды. 

МинКаб Төрагасы алтын ылгоочу фабриканы карап чыгып, анда өндүрүш процесси, колдонулган технологиялар, экологиялык нормалардын сакталышы, иштетүүнүн жүрүшү, казып алуунун көлөмү тууралуу айтып беришти. 

Ошондой эле ал калдыктарды сактоочу жайдын экинчи этабынын курулушу менен таанышты. 

Белгиленгендей, 2015-жылдан 2025-жылдын апрелине чейин компания бюджетке жана бюджеттен тышкаркы фонддорго 28,4 млрд сом, анын ичинде алтын сатуудан 21,5 млрд сом салык которгон. 2016-2025-жылдар аралыгында аймактын жашоочуларына, мекеме-уюмдарына түз социалдык жардам 317,8 млн сомду түздү. Каражат медицина, билим берүү, спорт жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга жумшалды.

Ишкана жылына 5 тоннага чейин алтын өндүргөн долбоордук кубаттуулукка чыкты. 2021-жылдын апрелинен 2025-жылдын апрелине чейин Жерүйдө 6,9 млн тонна руда казылып алынып, 17,6 тонна “Доре” уютмасы өндүрүлүп, анын ичинен 17,3 тоннадан ашыгы сатылып бүттү.

Ишканада подряддык уюмдарды эсепке алуу менен 1,5 миң адам иштейт. 

МинКаб Төрагасы жер казынасын жоопкерчиликтүү пайдалануу, тиешелүү коопсуздук жана айлана-чөйрөнү коргоо нормаларын сактоонун маанилүүлүгүн белгилеп, ишканага мындан аркы ийгиликтерди каалады. 

Мындан тышкары, жумуш сапардын жүрүшүндө Адылбек Касымалиев Мамлекеттик ипотекалык программанын алкагында турак үйлөрдүн курулушунун жүрүшү менен таанышты. Турак жай комплекси 310 батирге ылайыкталган.