21

Май

2025

МинКаб Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев Алжирде ИӨБ Башкаруучулар кеңешинин жана Директорлор Кеңешинин Пленардык жыйынына катышты

Алжир, Алжир Элдик Демократиялык Республикасы,  2025-жылдын 21-майы - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев Алжирде (Алжир Элдик Демократиялык Республикасы) болуп өткөн Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) тобунун Башкаруучулар кеңешинин жана Директорлор Кеңешинин Пленардык жыйынына катышты. ИӨБ 2025-жылдагы жылдык жыйыны "Экономиканы диверсификациялоо, жашоону байытуу" деген аталышта өттү.


Адатта, ИӨБ жылдык жолугушуулары мамлекеттердин, эл аралык жана регионалдык уюмдардын, жеке сектордун, илимий чөйрөнүн жана жарандык коомдун жогорку даражалуу өкүлдөрүнүн катышуусу менен бир эле маалда өткөн иш-чаралардын бай программасын камтыйт. Быйылкы иш-чарага ИӨБ мүчө мамлекеттерин кошкондо 50дөн ашык өлкөнүн делегациялары катышууда.