21

Май

2025

Некролог - Ефим Борисович Якир

Кыргыз Республикасынын коомчулугу жана билим берүү системасы чоң жоготууга учурады - 2025-жылдын 21-майында көрүнүктүү педагог, Бишкек шаарындагы № 61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейинин негиздөөчүсү, Кыргыз Республикасынын Эл мугалими, мамлекеттик сыйлыктардын кавалери, билим берүүгө эмгек сиңирген кызматкер Ефим Борисович Якир дүйнөдөн кайтты.


Ефим Борисович Якирдин ысымы Кыргызстандын билим берүү системасынын тарыхы менен тыгыз байланышта. Анын көп жылдык ишмердүүлүгү педагогикалык илимге, билимди жайылтууга жана жаш муундарды тарбиялоого жан аябай кызмат кылуунун үлгүсү болуп саналат. 1966-жылдан тартып №61 орто мектепте иштеп, ал өзүн таланттуу математика мугалими жана мыкты уюштуруучу катары көрсөттү. Директордун орун басары (завуч) кызматында ал бул мектептин түптөлүшүнө жана өнүгүшүнө баа жеткис салым кошкон, анын аракетинин аркасында ал республикадагы биринчи физика-математикалык мектептердин бири болуп, кийинчерээк Советтер Союзунун алдыңкы адистештирилген окуу жайларынын бирине айланган.  


Ал математикадан гана сабак бербестен, окуучулардын логикалык ой жүгүртүүсүн жана билимге умтулуусун өркүндөтүп, жогорку максаттарга жетүүгө шыктандырган. Анын жетекчилиги астында мектеп дүйнө жүзү боюнча иштеген окумуштуулар, инженерлер, дарыгерлер жана окутуучулар болуп жүздөгөн Олимпиада медалисттери менен лауреаттарын чыгарды.


Ефим Борисович ойчул, жоопкерчиликтүү жана таланттуу инсандардын муундарын калыптандырууга терең таасир эткен чыныгы мугалим болгон. Анын тарбиялануучулары анын жогорку кесипкөйлүгүн, принципиалдуулугун, ошондой эле ар бир окуучуга болгон сезимтал мамилесин, тагдырына чын дили менен кызыккандыгын ыраазычылык менен эскеришет.


1993-жылы АКШга көчүп кеткенден кийин да, Ефим Борисович жыл сайын Бишкекке келип, мекени жана өз мектеби менен байланышын үзгөн эмес - окуучулары менен байланышын сактап, өзүнүн бай тажрыйбасы менен бөлүшүп, көптөгөн муундарга адептүүлүктүн жана акылмандыктын үлгүсү болуп кала берди. Ал көңүл буруусу, катышуусу жана колдоосу менен көптөгөн окуучуларынын тагдырына олуттуу таасирин тийгизген. Алар мугалимин эч качан эстен чыгарбайт.


Анын билим берүүгө кошкон салымы эң жогорку деңгээлде белгиленип, Кыргыз Республикасынын Эл мугалими деген ардактуу наам ыйгарылган.


Көрүнүктүү педагог жана инсан Ефим Борисович Якирдин жаркын элеси аны билгендердин жана баалагандардын жүрөгүндө түбөлүккө сакталат.


А.А. Касымалиев, Э.Ж. Байсалов, А.С. Кадыралиев, Д. Ш. Кендирбаева, Б. С. Орозов, М. А. Баймурзаев, А. Д. Махмедкулов, Н. С. Жусупбекова, Л. А. Самыкбаева, Н. К. Дюшеева, А. Д. Токтомаметов, Н. Орунтаев, Т. С. Саякбаева, Ж. Б. Жанузаков, С. Б. Абдрахманова, Б. С. 

Исаков, Т. И.Першина, А. Н. Зырянова жана бардык педагогикалык коомчулук.