22
Май
МинКаб Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев Алжирде бир катар каржы институттары менен кызматташуунун келечегин талкуулады
Алжир, Алжир Элдик Демократиялык Республикасы, 2025-жылдын 22-майы - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) Башкаруучулар кеңешинин Жылдык жыйынына катышуу үчүн Алжирге болгон иш сапарынын алкагында Араб координациялык тобунун алдыңкы финансылык институттарынын жетекчилери менен инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган бир катар жолугушууларды өткөрдү.
Атап айтканда, ОПЕК Эл аралык өнүктүрүү фондунун (ОПЕК Фонд) башкы директору Абдулхамид Альхалиф жана Араб экономикалык өнүктүрүү фондунун Кувейт операциялык департаментинин директору Абдулла Аль-Мусайбих менен эки тараптуу жолугушуулар болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен аталган финансы институттарынын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүүнүн учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты.
Данияр Амангельдиев ОПЕК Фонд жана Кувейт фондуна Кыргызстандын инфраструктурасын жакшыртууга жана калкынын бакубаттуулугун жогорулатууга багытталган долбоорлорду көп жылдык колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди жана өз ара пайдалуу өнөктөштүктү бекемдөөгө берилгендигин ырастады, Кыргызстан ОПЕК Фонд жана Кувейт фондун өнүгүүнүн улуттук артыкчылыктарын ишке ашырууда маанилүү өнөктөштөрдүн бири катары караарын баса белгиледи.
Диалогдун жүрүшүндө өндүрүштүн көлөмдөрүн көбөйтүүнүн, экспорттук операцияларды кеңейтүүнүн жана инвестицияларды тартуунун аркасында жетишилген жогорку өсүш темпи (акыркы үч жылда 9% жана 2025-жылдын биринчи төрт айында 11,7%) менен мүнөздөлгөн Кыргызстандын туруктуу экономикалык өнүгүүсү белгиленди.
Данияр Амангельдиев инвестициялык климатты жакшыртууга жана бизнес жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган жүргүзүлүп жаткан экономикалык реформалар жөнүндө кеңири маалымат берди.
Эки жолугушууда тең каралган негизги маселе Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоорун ишке ашыруу болду. Данияр Амангельдиев бул долбоордун Кыргызстандын гана эмес, бүтүндөй Борбор Азия регионунун энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуудагы стратегиялык маанисин жана анын "жашыл" экономикага өтүүдөгү салымын баса белгиледи. Ал ТЭНди жана айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин баалоону аяктоонун пландаштырылып жаткан мөөнөттөрү, ошондой эле Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан ортосундагы өкмөттөр аралык келишимдин даярдалышы тууралуу маалымдады. Долбоордун масштабын жана маанилүүлүгүн эске алуу менен, МинКаб Төрагасынын биринчи орун басары ОПЕК Фонд жана Кувейт фондуна аны каржылоого катышуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады жана бардык зарыл маалыматтарды берүүгө жана долбоорду деталдуу баалоону жүргүзүүгө көмөктөшүүгө даярдыгын баса белгиледи. Ал ошондой эле ушул сыяктуу ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууда ОПЕК Фонд жана Кувейт фондунун тажрыйбаларын колдонууга кызыкдар экендигин билдирди.
Энергетика секторунан тышкары, жолугушууларда калкты жеткиликтүү турак-жай менен камсыз кылуу жаатындагы кызматташтык маселелери жана суу менен камсыздоо жаатындагы долбоорлор талкууланды.
Данияр Амангельдиев аталган тармактагы мамлекеттик программалардын ишке ашырылышы тууралуу айтып берди, мамлекет жарандарды сапаттуу ичүүчү суу жана жеткиликтүү турак-жай менен камсыздоого артыкчылыктуу көңүл бурарын белгиледи.
Тараптар Кыргыз Республикасы менен ОПЕК Фонд жана Кувейт фондунун ортосундагы жемиштүү кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө ишенимин билдирип, өнүгүүнүн жалпы максаттарына жетүү үчүн үзгүлтүксүз маалымат алмашуунун жана күч-аракеттерди координациялоонун маанилүүлүгүн баса белгилешти. Жакынкы арада конкреттүү долбоорлорду жана каржылоо механизмдерин талкуулоо үчүн эксперттик деңгээлде кошумча консультацияларды өткөрүү жөнүндө макулдашылды.