22
Май
МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев Өзгөн – Мырза-Аке – Кара-Кулжа автоунаа жолун капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Ош облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Өзгөн – Мырза-Аке – Кара-Кулжа автоунаа жолун капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Анда, Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, мамлекеттик органдардын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү иштин жүрүшү тууралуу МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиевге маалымат берди.
Белгилүү болгондой, Өзгөн – Мырза-Аке – Кара-Кулжа автоунаа жолунун оңдолуучу бѳлүгүнүн узундугу 34 чакырым, ал 3 этаптан турат. Аткаруу мезгили 2025-жылдын аягына чейин пландалууда. Долбоордун сметалык баасы 2,2 млрд сом.
Долбоордун биринчи этабында Өзгөн шаарына караган 4,5 чакырым аймакта иш жүрүүдө. Бул аймакта жол төрт тилкелүү болуп, эки четинде тротуар, жашыл аянт жана ирригациялык курулуштар жүргүзүлөт.
Белгилей кетсек, быйыл Ош облусунун жол инфратүзүмүн жакшыртууга өлкөнүн Турукташтыруу фондунан кошумча 4 млрд сом бөлүнгөн. Бул каражатка облустагы стратегиялык маанидеги Өзгөн — Мырза-Аке — Кара-Кулжа, Ош — Баткен — Раззаков, Ош — Кара-Суу унаа жолунун жана Ноокат — Кызыл-Кыя жолунун калган бөлүгү оңдолмокчу.
Иштин жүрүшүн жеринде көрүп чыккан МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев курулуштун сапатына өзгөчө көңүл бурууну жана өз мөөнөтүндө бүткөрүүнү тиешелүү мамлекеттик органдардын башчыларына тапшырды.