23
Май
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Ош шаарынын жолдорунда жүрүп жаткан оңдоо, куруу иштеринен кабар алды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Ош шаарына болгон жумуш сапарынын алкагында шаардын бир катар көчөлөрүндө жүрүп жаткан оңдоо, куруу иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Анда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевге аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берди.
Маселен, оңдоо иштери жүрүп жаткан Р. Моминова көчөсүн реконтрукциялоо үчүн республикалык бюджеттен 195,1 млн сом бөлүнгөн. Жалпы узундугу 1,6 чакырым болгон бул жол 2025-жылы бүткөрүлөт.
Ал эми, реконструкциялоо иштери жүрүп жаткан Волгоград көчөсүнүн узундугу 2,1 чакырым. Бул көчө да жыл аягына чейин бүткөрүлөт, анын сметалык баасы 142,2 млн сом.
Андан соң, МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев Ош шаарындагы Ы. Монуев жана А. Шакиров көчөлөрүнүн кесилишиндеги жаңыдан курулган эки деңгээлдүү (жер алдынан жана жер үстүнөн өтүүчү жол) жолдун курулуш иштери менен таанышты.
Шаардын инфраструктурасын өнүктүрүү, автоунаа тыгындарынын алдын алуу, шаардын тургундарына жана конокторуна ыңгайлуу шарт түзүү максатында курулуп жаткан бул жолдун жалпы келишим баасы 269 млн сомдон ашат, каржылоо булагы жергиликтүү бюджет. Курулуштун бүткөрүлүшү үстүбүздөгү жылга карата пландалууда.
Белгилей кетсек, Ош шаарында 2025-жылы республикалык бюджеттин эсебинен 11 көчө, жергиликтүү бюджеттин эсебинен 22 көчө толугу менен оңдолуп, курулуп пайдаланууга берилет.
Ош шаарынын жолдорун кеңейтүү, мыйзамсыз курулуштарды алуу боюнча алгылыктуу жүргүзүлүп жаткан иштерден жеринен кабар алгандан кийин МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев кеңешме өткөрдү.
Анда, Ош шаарын өнүктүрүү боюнча аткарылып жаткан иштер жана пайда болгон көйгөйлүү маселелер, Сулайман-Тоо Улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин айланасындагы иштер боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынды.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин Ош облусуна жана Ош шаарына болгон жумуш сапарынын жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын жетекчилерине калктын бакубат жашоосу, өлкөнүн өнүгүшү үчүн мамлекет жетекчиси тарабынан коюлган пландардын ырааттуу аткарылышы жана алардын натыйжалуугу менен маанилүүлүгү белгиленип, тапшырмалар берилди.