23

Май

2025

Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү мектепке чейинки билим берүү системасында каржылоонун ваучердик механизмин пилоттук апробациялоо боюнча Ведомстволор аралык топтун отурумун өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаеванын төрайымдыгы алдында мектепке чейинки билим берүү системасында каржылоонун ваучердик механизмин пилоттук апробациялоонун жүрүшүнө арналган Ведомстволор аралык жумушчу топтун кезектеги отуруму болуп өттү.

Катышуучулар ваучерлерди берүү процессинин негизги аспектилерин, анын ичинде турмуштук оор кырдаалдагы балдарды аныктоонун тартибин жана алардын ваучерди алууга арыздарын кароону талкуулашты. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиевдин тапшырмасына ылайык, ар кандай ведомстволордун маалымат базаларын интеграциялоо зарылдыгына көңүл бурулду.

Отурумдун жүрүшүндө ведомстволор аралык топтун көчмө ишинин алкагында келип түшкөн өтүнмөлөр боюнча маалыматтар берилди, пилоттук апробацияга тартылган объекттердин санитардык жана өрткө каршы абалына тиешелүү корутундуларды инвентаризациялоонун жыйынтыктары жөнүндө маалымат угулду.

Иш жүзүндө каттоо жана тамактанууну уюштуруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү алуу менен байланышкан талаш учурлар, ошондой эле, тактап айтканда Ош облусунун Араван району жана Талас облусу боюнча, пилоттук райондорду тактоо жана квоталарды бөлүштүрүү маселелери өзүнчө каралды.

Катышуучулар калк жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштеринин маанилүүлүгүн баса белгилешти. Аймактык жумушчу топтор жөнүндө жобонун долбоору талкууланды, анда алардын өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби жана ыйгарым укуктары жөнгө салынат.

Жүргүзүлүп жаткан иштер пилоттук долбоорду туруктуу ишке ашыруу жана аны мүмкүн болушунча масштабдоо үчүн негиз түзөт.

Маалымат үчүн: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 18-ноябрындагы № 693 “Калктын социалдык аялуу катмарындагы, аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлөлөрдөгү, ошондой эле Баткен облусунун чек арага жакын райондорунда, Кыргыз Республикасынын жетүүгө кыйын жана бийик тоолуу, алыскы райондорунда жашаган балдар үчүн мектепке чейинки билим берүү кызматтарын каржылоонун ваучердик механизмин пилоттук апробациялоо жөнүндө” токтому.