23
Май
МинКаб Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев ЕЭК Кеңешинин Москвада өткөн отурумуна катышты
Москва, Россия Федерациясы, 2025-жылдын 23-майы — Москвада Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү, ага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев катышты. Жыйындын алкагында күн тартибиндеги 20дан ашуун актуалдуу маселелер каралды.
Отурумдун негизги жыйынтыктары:
- ЕАЭБдин эл аралык ишмердүүлүгү
- Кеңештин мүчөлөрү Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) Эл аралык ишмердүүлүгүнүн 2024-жылга карата негизги багыттарын ишке ашыруу жөнүндө баяндаманы жактырышты. Документте Биримдиктин негизги эл аралык, регионалдык жана мамлекеттер аралык уюмдар, ошондой эле үчүнчү өлкөлөр менен кызматташтыгынын талдоосу камтылган. Мындан тышкары, докладда ЕАЭБдин 2024-жылдагы эл аралык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары жөнүндө тыянактар берилген.
- ЕАЭБдин техникалык регламентине өзгөртүүлөр
- Кеңеш ЕАЭБтин “Ташууга жана (же) пайдаланууга даярдалган күйүүчү жаратылыш газынын коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламентине өзгөртүүлөрдү киргизди (ЕАЭБ ТР 046/2018). Эми техникалык жөнгө салуу объекттеринен жаратылыш газын өндүрүүнү, ташууну (анын ичинде бөлүштүрүүнү) же сактоону жүзөгө ашыруучу уюмдардын өздүк муктаждыктары үчүн даярдалган жана жүгүртүүдө болгон продукция, ошондой эле Биримдиктин аймагы аркылуу үчүнчү өлкөлөрдүн керектөөчүлөрү үчүн ташылуучу чет өлкөлүк өндүрүштөгү жаратылыш газы чыгарылат.
- Товар чыгарылган өлкөнү аныктоо эрежелери
- Кеңеш Мамлекеттик сатып алуулар максатында товарлардын айрым түрлөрү чыгарылган өлкөнү аныктоо эрежесине киргизилген өзгөртүүлөрдү жактырды. Бул өзгөртүүлөр сатып алууларды жөнгө салуу тартиби жөнүндө Протоколдун жоболорун өнүктүрүүгө багытталган, бул мамлекеттик (муниципалдык) сатып алууларды ишке ашырууда ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден чыккан товарларга улуттук режим берүүгө мүмкүндүк берет.
- Спорт жаатындагы экономикалык кызматташтык
- Кеңеш Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин “ЕАЭБ алкагында спорт жаатындагы экономикалык кызматташтыктын негизги багыттары жөнүндө” чечиминин долбоорун жактырды. Кызматташтыктын негизги максаттары экономикалык байланыштарды кеңейтүү, эмгек ресурстарынын потенциалын өнүктүрүү, ошондой эле спорт чөйрөсүндө товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр менен өз ара соодалашууга дем берүү болуп саналат.
- КМШ жана ЕАЭБ жаштар форуму
- Отурумдун жүрүшүндө Беларусь Республикасы КМШ жана ЕАЭБдин 3-жаштар форумун 2025-жылдын үчүнчү кварталында Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин отурумунун алкагында өткөрүү ниетин билдирди. Форум Беларустун ЕАЭБ органдарына төрагалыгынын алкагында өтөт. Белгилей кетсек, бул демилге Кыргыз Республикасында биринчи жолу 2022-жылы Чолпон-Ата шаарында ишке ашырылган.