26
Май
Эдиль Байсалов Бишкек шаарындагы көрүү мүмкүнчүлүгү чектелген жана азиз балдарга арналган жалпы билим берүүчү атайын мектеп-интернаттагы “Акыркы коңгуроо” салтанатына катышты
2025-жылдын 26-майында республиканын бардык мектептеринде салтка айланган “Акыркы коңгуроо” жаңырды — бул мектеп окуучуларынын окуу жылы менен коштошкон күнү. Быйыл өлкө боюнча 80 миңден ашуун он биринчи класстын окуучулары жана 135 миңден ашык тогузунчу класстын окуучулары бүтүрүүчүлөр.
Эдиль Байсалов бүтүрүүчүлөргө, мугалимдерге жана ата-энелерге кайрылып, алардын эмгегине, чыдамкайлыгына жана өжөрлүгүнө чын ыкластуу ыраазычылыгын билдирди. Ал инклюзивдик билим берүүнүн адилеттүү коомду куруудагы өзгөчө маанисин белгилеп өттү — ар бир бала үчүн тең мүмкүнчүлүк жаратуу маанилүү экенин баса белгиледи.
«Бүгүн өлкөнүн бардык булуң-бурчунда акыркы коңгуроо жаңырып жатат. Бул миңдеген үй-бүлөлөр үчүн маанилүү жана толкундуу учур. Бирок бул жерде — күн сайын кыйынчылыктарды жеңип жаткан балдардын арасында — бул учур өзгөчө мааниге ээ. Биз сиздер менен сыймыктанабыз жана келечегиңиздерге ишенебиз!» — деди ал өз сөзүндө.
Салтанаттын соңунда акыркы коңгуроо жаңырып, бүтүрүүчүлөр мугалимдерден жана коноктордон ак жол каалаган сөздөрдү угушту.