26

Май

2025

Аары багуу жана бал өндүрүү маселелерин жөнгө салуу боюнча Министрлер Кабинетинин токтому кабыл алынды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын аймагында аарыларды көбөйтүү жана бал өндүрүү маселелерин жөнгө салуу жана аарычылыкты уюштуруу жөнүндө токтом кабыл алды. 

Документ балчылык тармагын башкаруу системасын өркүндөтүү боюнча талаптарды белгилөө, балчылык чарбалардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, өндүрүштүн көлөмүн андан ары жогорулатуу жана аары продукциясынын сапатын жакшыртуу, тармактын экспорттук потенциалын кеңейтүү максатында иштелип чыккан. Токтом менен Кыргыз Республикасынын аймагында аарыларды көбөйтүү жана балчылыкты уюштуруу эрежелери жана табигый бал жөнүндө жобо бекитилди.