26

Май

2025

Индустриалдык парктар жөнүндө Жобо бекитилди

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети индустриалдык парктар жөнүндө Жобону бекитти. 

Токтомду ишке ашыруу тийиштүү жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте ишке тартылган мамлекеттик органдарга каралган каражаттардын чегинде ишке ашырылат.

Индустриалдык парктар жөнүндө жобо "технологиялык парктар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында иштелип чыккан жана индустриалдык парктарга, индустриалдык парктардын башкаруучу компанияларына жана индустриалдык парктын резиденттерине талаптарды белгилейт. 

 Индустриалдык паркты түзүү жана колдоо максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен: индустриалдык парктын башкаруучу компаниясы аныкталат; индустриалдык парктын башкаруучу компаниясына индустриалдык паркты түзүү үчүн Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарында белгиленген тартипте жер участоктору бөлүнөт; индустриалдык парктын башкаруучу компаниясы менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ортосунда "Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө"Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык инвестициялык макулдашуу түзүлөт. 

Индустриалдык парктын резиденттеринин ишин жүзөгө ашыруунун тартиби жана шарттары индустриалдык парктын башкаруучу компаниясы менен резидентинин ортосунда түзүлгөн келишим менен аныкталат.