27

Май

2025

МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев Эл аралык миграция уюмунун Башкы директору Эми Поуп менен миграция тармагында кызматташуунун артыкчылыктарын талкуулады

Бишкек, “Ынтымак Ордо”, 2025-жылдын 27-майы — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Кыргызстанга биринчи расмий иш сапары менен келген Эл аралык миграция уюмунун Башкы директору Эми Поуп менен жолугушуу өткөрдү.

Баарлашуунун жүрүшүндө Адылбек Касымалиев Эми Поуп менен жылуу учурашып, Эл аралык миграция уюмунун мигранттардын укуктарын коргоо жана миграциялык саясатты жакшыртуу жаатында көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. 

Ошондой эле миграциялык процесстерди санариптештирүү жаатындагы демилгелер жана миграциянын ачык-айкындуулугун, башкаруучулугун жана коопсуздугун жогорулатуу үчүн санариптик чечимдерди колдонуунун маанилүүлүгү талкууланды. Бул контекстте Эл аралык миграция уюмунун көмөгү менен өлкөдө мигранттарды алдын ала даярдоо жана реинтеграциялоо боюнча биринчи борборду ачуу пландаштырылууда.

Глобалдык чакырыктардын контекстинде климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттеринен жана суу ресурстарынын азайышынан келип чыккан экологиялык миграция маселеси талкууланды. Кыргызстан бул маселени эл аралык аренада жигердүү көтөрүп, анын ичинде БУУнун алкагында демилгелерди илгерилетип жатканы баса белгиленди. Атап айтканда, республика 2023-2027-жылдарды тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылдыгы деп жарыялоо демилгесин көтөрдү.

Андан соң Адылбек Касымалиев Эми Поупту 2027-жылы Бишкекте өтө турган, тоолуу өлкөлөрдү туруктуу өнүктүрүүнү талкуулоо үчүн маанилүү эл аралык платформа боло турган Экинчи “Бишкек+25” Глобалдык тоо саммитине катышууга чакырды.

Жолугушуунун соңунда тараптар кызматташууну кеңейтүүгө өз ара кызыкдар экендигин ырасташты жана миграциялык процесстерди натыйжалуу, коопсуз жана гумандуу башкарууну камсыз кылуу боюнча мындан аркы биргелешкен ишке даяр экендиктерин билдиришти.