27

Май

2025

МинКаб Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев: Кыргызстан Франция менен соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө маани берет

Бишкек, “Ынтымак Ордо”, 2025-жылдын 27-майы — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиевдин, Франциянын тышкы соода жана чет өлкөлөрдөгү француз жарандары боюнча министри Лоран Сен-Мартендин, ошондой эле француз бизнес-коомчулугунун өкүлдөрүнүн катышуусу менен бизнес-диалог болуп өттү.

Бизнес-диалогдун ишине медицина, энергиянын кайра жаралуучу булактары, транспорт, инновация, өнөр жай жана айыл чарбасы сыяктуу тармактарда иштеген эл аралык алдыңкы француз компанияларынын өкүлдөрү катышты.

Данияр Амангельдиев меймандарды жылуу тосуп алып, министр Лоран Сен-Мартендин Кыргызстанга болгон сапарынын иш-чараларга бай программасын белгилеп өттү. 

Ал бүгүнкү бизнес-диалог өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыктын келечек пландарын талкуулоо үчүн натыйжалуу аянтча болоруна ишенимин билдирди.

Француз бизнесинин өкүлдөрүнө кайрылып, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары мамлекеттик органдар жана кыргыз компаниялары менен өткөрүлгөн жолугушуулар жемиштүү болуп, эки тараптуу байланыштарды чыңдоого өбөлгө болоруна үмүт артты. Ал сүйлөшүүлөр эки өлкөнүн бизнес-коомчулугунун ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүү үчүн жагымдуу шарт түзөрүн баса белгиледи.

“Учурда Кыргызстан инвестицияларды тартуу жана бизнес-климатты жакшыртуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнүн үстүндө жигердүү иштеп жатат. Өлкөдө салык мыйзамдары чөйрөсүндө олуттуу реформалар жүргүзүлүп, анын натыйжасында чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө көмөкчү болгон салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы киргизилген. Кыргызстан европалык инвестицияларды жана заманбап технологияларды тартууга кызыкдар, муну европалык компаниялардын кыргыз рыногуна болгон кызыгуусунун улам өсүшү тастыктап турат”, — деп МинКаб Төрагасынын биринчи орун басары баса белгиледи.

Андан соң француз компанияларынын өкүлдөрү менен пикир алмашуу болуп, анын жүрүшүндө транспорттук-логистикалык инфраструктура, энергетика, фармацевтика жана туризм сыяктуу негизги багыттар боюнча кызматташуунун келечеги талкууланды. Катышуучулар өз ара пайдалуу долбоорлор үчүн болгон зор потенциалды белгилеп, өнөктөштүктү кеңейтүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Жыйынтыгында тараптар кыргыз-француз соода-экономикалык кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө эки жактан тең кызыкдар экендигин тастыкташты.