28
Май
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстандын чек арачыларын кесиптик майрамы менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев өлкөнүн чек арачыларын кесиптик майрамы менен куттуктады.
Куттуктоонун тексти:
“Ардактуу мекендештер!
Чек ара кызматынын кымбаттуу аскерлери жана кадырлуу ардагерлери!
Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын Чек арачылар күнү менен чын дилимден куттуктаймын!
Мамлекеттик чек араны кайтаруу – бул саат сайын жогорку жоопкерчиликти, бекем тартипти жана керек болсо өз жанын да аябаган аракеттерге даяр турууну талап кылган жооптуу кызмат!
Бүгүнкү күндө чек арачыларыбыз мындан туура 80 жыл мурун фашисттик баскынчылардын таш-талканын чыгарган улуу муундун эмгегин татыктуу улантуучулар болуп саналат. Улуу Ата Мекендик согуштун башталышында эле Алай-Гүлчө, Ташрабат жана Пржевальск чек ара комендатуралары кан майданга аттана турган аткычтар дивизиясын кадрлар менен толуктоо үчүн өздөрүнүн мыкты чек арачыларын жиберишкен. Аталган чек ара комендатураларынан фронтко жалпысы миңден ашуун чек арачы жөнөтүлгөн. Түзүлгөн дивизиялар бир ай өткөндөн кийин эле фашисттик аскерлер менен айыгышкан салгылашууларга киришкен.
Бүгүнкү күндө дүйнө жүзү, анын ичинде Борбор Азия чөлкөмү ар кыл коркунучтардын айлампасында турганда Мекен чегин бекем коргоо өтө зор мааниге ээ! Коопсуз чек ара – бул бири-бирине ишенүүнүн, кызматташуунун жана өз ара урматтоонун көпүрөсү болуп саналат. Ушул өңүттөн алып караганда жергиликтүү калк, кошуна өлкөлөр жана эл аралык өнөктөштөр менен тыгыз кызматташуу өтө маанилүү!
Ар кандай жагдайларга карабастан, быйылкы жыл чыныгы тарыхый окуя катары Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара боюнча келишимдик документтерге кол коюлушу менен эсте калат. Айрыкча, бул жагдай үч мамлекеттин – Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын чек араларынын ашташкан жери тууралуу келишим түзүүгө, ошондой эле түбөлүк достук жөнүндө Ходжент декларациясына кол коюуга мүмкүндүк берди.
Ошентип, аймактык бир катар коркунучтар менен чакырыктар кыскарып, Фергана өрөөнүндө жана бүтүндөй Борбор Азия чөлкөмүндө коопсуздукту камсыз кылуу боюнча кадамдар ишке аша баштады.
Урматтуу чек арачылар, сиздердин мамлекетибиздин аймактык бүтүндүгү менен коопсуздугун камсыз кылууда “Эл четинде – жоо бетинде” туруп, өтөгөн ак кызматыңар менен туруктуулугуңардын аркасында биз, Кыргызстандын жарандары өзүбүздү коопсуз сезебиз.
Алыскы тоолуу, шарты катаал аймактардагы чек ара тозотторунда кызмат өтөө канчалык кыйын болгону менен, темирдей бекем эркти, эл-жерине, Мекенине болгон терең сүйүүнү калыптандырат.
Мекенге берилгендиги жана бай тажрыйбасы менен жаңы муунга үлгү болуп келаткан чек ара кызматынын ардагерлерине өзгөчө ыраазычылык билдирем.
Мамлекет өз кезегинде чек арачыларды социалдык жактан камсыздоо, инфратүзүмүн өнүктүрүү, техника менен камсыз кылуу жана кадрларды даярдоо маселелеринде колдоосун күчөтө бермекчи.
Баарыңыздарга чың ден соолук, кажыбас кайрат, келечекке ишеним жана Мекенибизге кызмат кылууда албан-албан ийгиликтерди каалайм!
Майрамыңыздар кут болсун!”.