28

Май

2025

Кыргыз Республикасынан жыгач экспорттоого убактылуу тыюу салынды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Евразия экономикалык биримдигинин бажы аймагынан сырткары жыгач жана жыгач материалдарын (ЕАЭБ ТЭИ ТН 4401, 4403, 4407 коддору) ташып чыгууга убактылуу алты айлык тыюу салды. Тыюу токтом жарыялангандан үч күндөн кийин күчүнө кирет.

Тиешелүү чечимге Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. 

Токтомдун толук тексти менен төмөнкү шилтеме аркылуу таанышууга болот.