29
Май
МинКаб Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев Astana International Forum Эл аралык форумуна катышты
Астана, Казакстан, 2025-жылдын 29-майында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев Казакстан Республикасына болгон жумуш сапарынын алкагында Астана Эл аралык форумунун (Astana International Forum-2025) пленардык сессиясына катышты.
Белгилей кетсек, “Акылдарды бириктирүү – келечекти калыптандыруу” урааны астында өтүп жаткан бул форумга 70тен ашык өлкөдөн дүйнөлүк лидерлер, алдыңкы эксперттер жана бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү чогулду.
Иш-чарага Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Руанда Республикасынын Президенти Поль Кагаме, Түндүк Македония Республикасынын Президенти Гордана Силяновска-Давкова, Хорватия Республикасынын Премьер-министри Андрей Пленкович, Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) Башкы директору Цюй Дунъюй, Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмунун (ЭКӨУ) Башкы катчысы Маттиас Корманн, Глобалдык жашыл өсүү институтунун (GGGI) Президенти жана төрагасы Фрэнк Райсберман, ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун 8-Башкы катчысы Пан Ги Мун, БУУнун Башкы катчысынын атайын өкүлү жана БУУнун Афганистанга көмөктөшүү боюнча миссиясынын башчысы Роза Отунбаева катышты.