30
Май
МинКаб Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев Өзбекстандын Премьер-министринин орун басары Жамшид Ходжаев менен жолугушту
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев Астана шаарына (Казакстан Республикасы) жасаган жумуш сапарынын алкагында Астана Эл аралык форумунун талааларында Өзбекстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары Жамшид Ходжаев менен жолугушту.
Тараптар сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, ошондой эле жогорку деңгээлдеги сапарлардын жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашырууну талкуулашты.
Данияр Амангельдиев азыркы учурда кыргыз-өзбек мамилелери эки мамлекеттин боордош элдеринин түпкү жана узак мөөнөттүү кызыкчылыктарына толук жооп берерин белгиледи, буга биринчи кезекте мамлекет, өкмөт жана парламент башчыларынын деңгээлиндеги келечектүү жана тарыхый өз ара сапарлар түрткү берди. Ошону менен бирге Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекет башчыларынын тапшырмасы боюнча өз ара сооданы көбөйтүү жана анын көлөмүн эки миллиард АКШ долларына жеткирүү боюнча аракеттерди активдештирүүгө даярдыгын баса белгиледи.
Өз кезегинде Өзбекстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары Жамшид Ходжаев эки мамлекет ортосундагы түзүлгөн эки тараптуу мамилелердин жогорку деңгээлин канааттануу менен айтып өттү.
Тараптар үстүбүздөгү жылга пландаштырылган эки тараптуу иш-чаралар боюнча да пикир алмашты.
Жолугушуунун соңунда тараптар Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы ар тараптуу баарын камтыган стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары бекемдөөгө жана кеңейтүүгө ниеттерин билдиришти.