30

Май

2025

Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата, Кыргызстанда “Балдар статистикасы” интерактивдүү порталы ишке кирди

Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Кыргыз Республикасынын Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети, Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) колдоосу менен “Балдардын статистикасы” жаңы интерактивдүү порталын расмий түрдө ишке киргизди. 

1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүн утурлай өткөрүлгөн бул иш-чарага Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асел Чынбаева жана мамлекеттик органдардын, жарандык коомдун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Белгилей кетсек, “Балдардын статистикасы” интерактивдүү порталы – бул ар кандай чөйрөдө балдардын абалына байланыштуу негизги көрсөткүчтөрдү ыңгайлуу көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берүүчү заманбап санариптик инструмент. 

Тагыраак айтканда, балдардын жалпы абалы жөнүндө маалыматтарды натыйжалуу чогултууну жана талдоону камсыз кылат, ошондой эле балдардын укуктарынын сакталышын көзөмөлдөөнү жакшыртат. Порталга компьютер жана уюлдук телефон аркылуу кирүүгө болот. 

Бул портал балдардын укуктарынын сакталышы боюнча мониторингди жакшыртуу максатында жана БУУнун Балдардын укуктары боюнча комитетинин 2025-2028-жылдарга карата корутунду байкоолорун ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планын аткаруу максатында иштелип чыккан. 

Толук маалымат менен төмөндөгү ссылка аркылуу таанышсаңыздар болот. 

https://baldar.stat.gov.kg/?_gl=1*1vja6c8*_ga*NTE3OTExNTEzLjE3NDUyOTc4NTg.*_ga_ENLBH6NGYM*czE3NDg1OTA5NjAkbzc0MyRnMSR0MTc0ODU5MDk2NCRqNTYkbDAkaDA