30

Май

2025

Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасында балдарды коргоонун жана колдоонун негизги кепилдиктерин камсыз кылуу маселелерин кароодо

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Балдарды коргоонун эл аралык күнүнүн алдында атайын жыйында балдарды коргоонун жана колдоонун негизги кепилдиктерин камсыз кылуу маселелерин кароодо.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев 2025-жылдын башына карата Кыргыз Республикасында 2 миллион 715 миң 18 жашка чейинки балдар жашаарын белгиледи. 2024-жылдын башына салыштырмалуу балдардын саны дээрлик 23 миңге көбөйгөн. 2025-жылдын март айына карата өлкөдө 31 800 бала төрөлгөн. 

МинКаб Төрагасы балдарды коргоо жана колдоо жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги жетишкендиктерине жана артыкчылыктарына токтолду.

Жөлөкпулдар 2021-жылдан бери 2-3 эсеге чейин көтөрүлдү. Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга берилген жөлөк пул 4 миң сомдон 8 миңге чейин көбөйдү. Атасы менен энесинен айрылган балдарга берилген жөлөк пул 2 миң сомдон 6 миң сомго чейин көбөйдү. Президенттин томолой жетим балдарга камкордук саясатынын негизинде 3029 балага ар бирине 500 миң сомдон “Келечекке салым” мамлекеттик депозити ачылды. Буга республикалык бюджеттен 2 жылдын ичинде 788 млн сом которулду. Быйыл 2 бала 18ге чыккан, аларга окуусу үчүн бул каражат бериле баштады.

Саламаттык сактоо. Улуттук статкомдун маалыматына ылайык, акыркы 15 жылда ымыркайлардын жана 5 жашка чейинки балдардын өлүм көрсөткүчү туруктуу төмөндөгөн. Ал эми акыркы 5 жылда (2018-жылдан 2023-жылга чейин) 5 жашка чейинки балдардын өлүмүнүн көрсөткүчү 20дан 16.5ке чейин азайган. 

Саламаттык сактоо тармагын каржылоо дээрлик эки эсеге көбөйгөн: 2019-жылы саламаттык сактоого 18,7 млрд сом бөлүнсө, 2024-жылы 39,8 млрд сом бөлүнгөн. Республикада акыркы 4 жылда 29 саламаттык сактоо мекемеси салынды, төрөт үйлөрү курулууда, бүт аймактарда ФАПтар жаңырды (өлкөдө жалпы 1082 ФАП бар). Балдар үчүн Бишкекте эл аралык станддарттарга ылайык келген Балдардын перинаталдык борбору ачылды, ымыркай балдарды кароого жакшы шарттар түзүлдү. Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун курулушу бүттү. 

Билим берүү. Балдарды бала бакчалар менен камтуу 2020-жылга салыштырмалуу 31,2%га жакшырды. Камтуу азыр 44,3%га жетти. Бишкекте 37%ды, Ошто 46%ды түзүүдө. Учурда 257 378 бала бала бакчага барып жатат. Өлкөдө акыркы төрт жылда 66 бала бакча мамлекет тараптан салынды, мунун ичинде 31и – 2024-жылы салынган. Балдарды бала бакчалар менен камтууда “Өкмөттүк акселераторлор” программасы жакшы натыйжаларды берди. Президенттин тапшырмасына ылайык жакынкы жылдары камтууну 60%га жеткирүү пландалууда. “Алтын казык” программасы ишке кире баштады. Өлкөдө 2 377 мектепте 1 млн 491 миң бала окуп жатат. Билим берүүгө 2020-жылдагыдан 2 эсе көп каржылоо бөлүнүүдө: 2020-жылы 37 млрд сом болсо, 2024-жылы 81 млрд сом бөлүндү. Алдыда билим берүүдө күчтүү реформалар күтүлүүдө.  

Мындан тышкары, МинКаб Төрагасы Президенттин Жарлыгына ылайык алыскы жана бийик тоолуу аймактарда жашаган көп балалуу энелерге 2026-жылы төрөлгөн баласы үчүн 2027-жылы бирге толгондон тартып бир жолку акчалай жардам бериле баштаарын белгиледи: 4-балага 100 миң сом, жетинчи балага – 1 млн сом, 10-балага – 2 млн сом. Ошондой эле штатты көбөйтпөө боюнча мораторий коюлганына карабастан, балдар менен иштегенге 550 социалдык кызматкерге штат ачылды. Ушундай атайын штат биринчи жолу ачылып жатат.

Андан соң Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов баяндама жасады. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшан Сабиров, саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев жана агартуу министри Догдуркул Кендирбаевалар да маалымат беришет.