30

Май

2025

МинКаб Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Казакстандын Премьер-министринин орун басары – Улуттук экономика министри Серик Жумангарин менен жолукту

Астана, 2025-жылдын 30-майы – Астанадагы Эл аралык форумдун алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев менен Казакстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары – Улуттук экономика министри Серик Жумангариндин эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-казак кызматташтыгын  мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин, анын ичинде соода-экономикалык мамилелерди, инвестициялык долбоорлорду жана эки тараптуу иш-чараларды даярдоо маселелерин талкуулашты.

Данияр Амангелдиев стратегиялык өнөктөштүк мамилелеринин деминде өнүгүп келе жаткан Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттер аралык мамилелердин жогорку деңгээлин белгиледи.

Өз кезегинде Серик Жумангарин өлкөлөр ортосунда өкмөттөр аралык кызматташуу жемиштүү өнүгүп жатканын жана кыргыз-казак өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги жыйыны быйыл Казакстанда өтөөрүн белгиледи. 

Тараптар ошондой эле, соода-экономикалык кызматташуу маселелерин талкуулашты, анын ичинде 2030-жылга чейин эки тараптуу сооданы 3 миллиард долларга жеткирүү максатына жетүү үчүн биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну активдештирүүгө өз ара даярдыгын ырасташты.

Жолугушуунун соңунда тараптар кызматташуунун экономикалык потенциалын мындан ары жогорулатуу жана эки тараптуу кызматташуунун күн тартибинде каралган бардык долбоорлорду жана пландарды өз убагында ишке ашыруу үчүн бардык күч-аракетин жумшоого даяр экендиктерин билдиришти.