30
Май
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Ооганстандын өнөр жай жана соода министри Нуруддин Азизи менен жолукту
Астана, 2025-жылдын 30-майы – Астанадагы Эл аралык форумдун алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев менен Ооганстандын өнөр жай жана соода министри Нуруддин Азизинин эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушууда Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Кыргызстан Ооганстан менен эки тараптуу мамилелерди чыңдоого маани берээрин жана бул өлкөдөгү туруктуулукту аймактык коопсуздуктун эң маанилүү фактору катары карай турганын белгиледи.
Ал Кыргыз Республикасы азыркы ооган бийлигинин өлкөдөгү кырдаалды турукташтыруу боюнча аракеттерин колдой турганын жана ооган элинин өз келечегин өз алдынча аныктоо укугун сыйлай турганын белгиледи. Анын айтымында, Бишкек Ооганстанда тынчтыкты жана туруктуулукту орнотууга багытталган эл аралык жана аймактык демилгелерге активдүү катышууда.
Өз кезегинде Нуриддин Азизи кыргыз тарапка көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, Ооганстан эки тараптуу кызматташтыкты достук жана өз ара колдоо деминде өнүктүрүүгө, ошондой эле соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү, биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуу жана аларды өз ара кызыкчылык туудурган бардык чөйрөлөрдө илгерилетүү боюнча күч-аракеттерди жумшоого даяр экенин белгиледи.
Тараптар ошондой эле соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү, анын ичинде Ооганстандын рыногуна кыргыз продукциясын, анын ичинде айыл чарба товарларын, кездеме буюмдарын, жабдууларды жана башка товарларды экспорттоону жолго коюу маселелерин талкуулашты.
Жолугушуунун соңунда маектешкендер мындан ары да кыргыз-ооган кызматташтыгын өнүктүрүүгө багытталган демилгелерге ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экендиктерин баса белгилешти.