30
Май
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында мамлекеттик түзүмдөрдөгү бюрократияны кыскартуу боюнча чаралардын үчүнчү этабы каралды
Бишкек, Ынтымак Ордо, 2025-жылдын 30-майы – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы алдында мамлекеттик түзүмдөрдөгү тоскоолдуктарды (бюрократия) кыскартуу арналган Ведомстволор аралык комиссиянын үчүнчү отуруму болуп өттү.
Бул жыйында билим берүү, маданият, илим, санариптештирүү, статистика жана ишкердик сыяктуу көптөгөн тармактарды камтыган мамлекеттик башкаруу процесстерин оптималдаштырууга багытталган үчүнчү чаралар пакети сунушталды.
Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары – Президенттин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо башкармалыгынын начальниги Азамат Кадыралиев белгилегендей, биринчи жана экинки чаралар пакетин ишке ашыруунун алкагында бир катар тиешелүү документтерди, анын ичинде ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун жана Министрлер Кабинетинин тескемелерин кабыл алуу зарыл. Буга чейин бир нече негизги документтер, анын ичинде илим жана жогорку билим берүү боюнча Президенттин Жарлыгы, ошондой эле медицина жана фармацевтика тармагындагы лицензиялоо жөнүндө Министрлер Кабинетинин токтому бекитилген.
Жогорку Кеңешке үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдарга электрондук мониторинг жүргүзүүнү кеңейтүүгө, түзөтүү абактарын жоюуга, медиация институтун өнүктүрүүгө, эркин экономикалык аймактарды укуктук жөнгө салууну жакшыртууга багытталган төрт мыйзам долбоору киргизилген.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүүгө дагы 30га жакын мыйзам долбоорлору бар. мамлекеттик түзүмдөрдө тоскоолдуктарды кыскартуунун алкагындагы көптөгөн маселелер Министрлер Кабинетинин токтомдорунун жана тескемелеринин деңгээлинде, ошондой эле министрликтердин ведомстволук актылары аркылуу ыкчам чечилип жаткандыгы белгиленди.
Андан ары Юстиция министри, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары жана Улуттук стратегиялык демилгелер институтунун директору Аяз Баетов баяндама жасап, үчүнчү чаралар пакетинин негизги максаты административдик тоскоолдуктарды жоюу, өзгөчө ишкердик жана инвестиция чөйрөсүндө экенин белгиледи.
Аяз Баетовдун айтымында, негизги сунуштардын бири – “регулятордук гильотина” принцибин киргизүү, анда Ведомстволор аралык комиссиянын алдында акталууга мүмкүн болгон лицензиялардан жана уруксаттардан башка бардык лицензиялар жокко чыгарылат. Ошондой эле бизнести мамлекеттик көзөмөлдөө системасын реформалоо сунушталууда: көп сандаган кайталанган текшерүүлөрдүн ордуна комплекстүү текшерүү үчүн үч багыт боюнча киргизилет: техникалык жана экологиялык коопсуздук, финансылык жана салыктык көзөмөл, санитардык жана тамак-аш коопсуздугу.
Мындан тышкары, автоматташтырылган казыналык тутум аркылуу толук санариптештирүүгө өтүү менен Финансы министрлигине бухгалтердик отчеттуулукту кагаз түрүндө жүргүзүүдөн баш тартуу пландаштырылууда.
Кошумча чараларга мамлекеттик органдардын түзүмүн оптималдаштыруу, баалуу кагаздар рыногундагы административдик тоскоолдуктарды азайтуу, коммуналдык тармактарга кошулуу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана башка демилгелер кирет.
Отурумдун жыйынтыгында ведомстволор аралык комиссиянын жыйынынын протоколу кабыл алынды.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы өз кезегинде ведомстволук кызыкчылыктарды негизсиз коргоону болтурбай, мамлекеттик кызматты бюрократиядан арылтуунун алкагында ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун бекитүүнү жана жылдырууну тездетүүнү тапшырды. Ал ошондой эле далилдүү мамлекеттик органдардын жетекчилеринин компетенциясына кирген чечимдер үчүн жоопкерчиликти жасалма түрдө которууну токтотуу зарылдыгын белгиледи.