30
Май
МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев VIII Бүткүл дүйнөлүк “Дүйнө элдеринин эпостору” фестивалына катышты
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев манасчы Саякбай Каралаевдин 130 жылдыгына арналган VIII Бүткүл дүйнөлүк “Дүйнө элдеринин эпостору” фестивалына катышты. Иш-чара ушул жылдын 27-майынан бери Бишкекте өтүп жатат. Фестивалдын катышуучуларына Т.Усубалиев атындагы аянтта театралдаштырылган гала-программа тартууланды.
МинКаб Төрагасы өз сөзүндө иш-чаранын уникалдуулугун белгилеп, фестиваль Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун колдоосу менен өтүп жатканын кошумчалады.
“Үч күндөн бери дүйнөдө көлөмү жагынан теңдеши жок “Манас” эпосун жараткан кыргыз жергесинде манас айтылып, акындар ыр төгүп – эң сонун сөз майрамы болуп жатат. Дүйнө эпостору үч күн даңазаланды. Быйылкы фестиваль Кыргыз Республикасынын Президентинин колдоосу менен залкар манасчы, ХХ кылымдын Гомери Саякбай Каралаевдин 130 жылдыгына арналып жатат. Кыргызстанга 30дан ашык өлкөдөн коноктор келди. Кыргызстанга кош келдиңиздер!” – деди ал.
Адылбек Касымалиев ар бир элдин эпосу, дастаны, жомогу, ыры, өлөңдөрү – дүйнөнүн кайталангыс колоритин түзүп турарын, ал эми интеллектуалдык жана технологиялык прогресстин доорунда, биздин милдет - бул мурасты сактап, муундан муунга өткөрүп берүү керектигин айтты.
““Манас” – кыргыз элинин жүрөгүнөн жарылып чыккан эпос. 3 күндөн бери манасчылык өнөрдүн заманбап доордо да айтылып жатканын көрдүңүздөр. Манас айтуу – жаңы өнөр эмес, бул элибиздин канында жашап, элибиз менен бирге кылымдарды карыткан өнөр. Ал эми “Манас”– байыркы кыргыз рухунун туу чокусу”, кыргыз элинин турмушунун көркөм энциклопедиясы”, - деп, акыркы жылдары мамлекет маданият чөйрөсүн каржылоонун көлөмүн көбөйткөнүн айта кетти. Ал эми эпосторду санариптештирүү, жаңыча интерпретациялоо жана дүйнөлүк тилдерге которуу, илимий изилдөө иштери үчүн өкмөт тараптан колдоолор улантылат.
МинКаб Төрагасы мындай масштабдагы фестивалдар адамзаттын руханий мурасын сактоодо глобалдык мааниге ээ экенин белгилеп өттү.