02
Июнь
2025
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында мамлекеттик сыйлыктарды жана Министрлер Кабинетинин Ардак грамоталарын тапшыруу аземи болуп өттү
Бишкек, "Ынтымак Ордо", 2 - июнь, 2025-жыл-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мамлекеттик сыйлыктарын жана Ардак грамоталарын тапшыруу аземи болуп өттү.
Иш-чаранын алкагында Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев тарабынан аскердик жана кызматтык милдеттерин аткарууда эрдик, туруктуулук жана каармандык көрсөткөн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн коргогондугу үчүн чек ара аскер кызматкерлерине мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды.
Андан соң Төрага өлкөнүн социалдык-экономикалык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө зор салым кошкон жарандарга Министрлер Кабинетинин Ардак грамоталарын тапшырды.
Өз ишине берилгендик жана жоопкерчилик менен ийгиликтерге жетишкен ар кыл кесиптердин жана тармактардын өкүлдөрү белгиленди.
"Ар бириңиздер өз эмгегиңиздер, эрдигиңиздер жана өлкөгө берилгендигиңиздер менен Кыргызстандын гүлдөп өнүгүшүнө салым кошуп жатасыздар. Биз сиздердин жетишкендиктериңиздер менен сыймыктанабыз, кесипкөйлүк жана жан үрөп эмгектенгеңиздер үчүн ыраазыбыз. Бул сыйлыктар - мамлекет жана эл тарабынан ыраазычылык белгиси", - деп баса белгиледи Министрлер Кабинетинин башчысы.