03
Июнь
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Тажикстанга жумуш сапары менен барат
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Тажикстан Республикасынын Душанбе шаарына 2025-жылдын 4-5-июнь күндөрү жумуш сапары менен барат.
Жумуш сапарынын алкагында Министрлер Кабинетинин Төрагасы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин өкмөттөрүнүн башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат. Отурумдун жүрүшүндө соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык тармактарында сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, чечимдер кабыл алынат.
Ошондой эле, эки тараптуу жолугушуулар өткөрүлөөрү жана бир катар документтерге кол коюлаары пландалууда.