03
Июнь
Жеңилдиктердин ордуна ай сайын акчалай компенсация төлөп берүү чечими кабыл алынды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жеңилдиктердин ордуна ай сайын акчалай компенсацияларды төлөө жөнүндө токтом кабыл алды.
Документ Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 18-апрелиндеги No132 “Жарандардын айрым категорияларына ай сайын акчалай компенсацияларды төлөө жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.
Президенттин бул Жарлыгына ылайык, 2025-жылдын 1-январынан тартып Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине, башка мамлекеттердеги согуштук операциялардын катышуучуларына жана Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюуга катышкан адамдарга, ошондой эле алардын үй-бүлөлөрүнө жеңилдиктердин ордуна акчалай компенсациялардын өлчөмү көбөйтүлдү. Натыйжада, акчалай компенсациянын өлчөмү жогоруда көрсөтүлгөн төлөмдөрдү алган адамдардын категориясына жараша 1500 сомдон 10 000 сомго чейин болот.
Токтомдо жарандардын 23 категориясы үчүн жеңилдиктердин ордуна ай сайын берилүүчү акчалай компенсациялардын өлчөмдөрү белгиленген. Ошондой эле ай сайын акчалай компенсацияларды дайындоо тартиби жөнүндө жобо бекитилди. Жарандардын категорияларынын тизмесине 1993-жылдан 1999-жылга чейин тажик-ооган тилкесинде Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин чек арасын коргоону күчөтүү боюнча эл аралык келишимдерге жана макулдашууларга ылайык милдеттерди аткарган Кыргыз Республикасынын аскер кызматкерлеринин категориясы киргизилген.
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигине 2025-жылдын 1-январынан тартып ушул токтом менен бекитилген Жөлөкпулдардын ордуна ай сайынкы акчалай компенсацияларды дайындоонун тартиби жөнүндө жобого ылайык жөлөкпулдардын ордуна ай сайын акчалай компенсацияларды төлөп туруу жана токтомдон келип чыккан тиешелүү чараларды көрүү тапшырылды.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине ай сайын берилүүчү акчалай компенсацияларды республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен керектүү өлчөмдө өз убагында каржылоону камсыз кылуу тапшырылды.
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине ай сайын акчалай компенсация алууга укугу бар адамдар тууралуу маалыматтарды тактоо боюнча иштерди жүргүзүү тапшырылды. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине (макулдашуу боюнча) эмгекке жарамсыз жарандарга жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен кошумча социалдык колдоонун ар кандай түрлөрүн көрсөтүү тапшырылды; акчалай компенсацияларды же турак жай субсидияларын берүү жолу менен, өзгөчө жаратылыш газына жана жылуулук энергиясына төлөөдө жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен калктын аярлуу катмарына социалдык колдоо көрсөтүү.