03

Июнь

2025

Кылмышты каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча комиссиянын 14-жыйыны болуп өттү

Бишкек, "Ынтымак Ордо", 2025-жылдын 3-июну - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиевдин төрагалыгы алдында Кылмыштуулукту каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча комиссиянын 14-жыйыны болуп өттү.

Жыйындын жүрүшүндө терроризмди каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашырууга байланышкан төрт негизги маселе каралды.

Комиссия Кыргыз Республикасын өз ара баалоого даярдоонун алкагында 2024-2026-жылдарга стратегиялык иш планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты укту. Ошондой эле кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча Евразиялык топтун (ЕАТ) Катчылыгынын эксперттери менен жолугушуунун жыйынтыгы боюнча иштелип чыккан Сунушталган чаралардын тизмеси талкууланды. Талкуунун жыйынтыгында МинКаб төрагасынын биринчи орун басары бул багыттагы бардык жооптуу органдардын ишин координациялоону жана ишин күчөтүүнү тапшырды.

Жолугушуунун катышуучулары 2022-2024-жылдарга терроризмди каржылоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо тобокелдиктерин баалоо боюнча аналитикалык маалыматтар, ошондой эле тармактык тобокелдиктерге баа берүүнүн жыйынтыктары менен таанышты. Ыйгарым укуктуу органдар тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн корутундулары өзүнчө каралып, көрүлгөн чаралардын натыйжалуулугуна баа берилди.

Мындан тышкары, улуттук мыйзамдардын ФАТФтын Рекомендацияларына ылайык келүүсүнө укуктук талдоо жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча иштелип чыккан чаралар жактырылды.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын эл аралык иш-чараларга катышуусу, анын ичинде 2025-жылдын 26-майынан 30-майына чейин Москва шаарында боло турган ЕАТтын пленардык жыйыны, ошондой эле 2025-жылдын 25-26-июнунда Ысык-Көл облусунда өтүүчү Түрк тилдүү мамлекеттер уюмунун Финансылык чалгындоо бөлүмдөрүнүн форуму талкууланды. Жыйындын жыйынтыгында мамлекеттик органдарга конкреттүү тапшырмалар берилди. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары жүктөлгөн милдеттерди талаптагыдай жана өз убагында аткаруу үчүн жетекчилердин жеке жоопкерчилигин өзгөчө белгиледи.