03

Июнь

2025

МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк банктын аткаруучу директору Беатрис Мазер менен жолугушту 

Бишкек, "Ынтымак Ордо", 3 – июнь, 2025 – жыл-Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк банктын аткаруучу директору Беатрис Мазер менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташтыктын негизги багыттарын, ошондой эле энергетика, инвестициялык климатты жакшыртуу сыяктуу артыкчылыктуу тармактардагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча мындан аркы кадамдарды талкуулашты.

Өзгөчө көңүл энергетика тармагындагы өз ара аракеттенүү маселелерине бурулду. Белгиленгендей, азыркы учурда техникалык-экономикалык негиздемени даярдоонун олуттуу бөлүгү, ошондой эле Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоору боюнча айлана-чөйрөгө жана социалдык чөйрөгө таасирин баалоону жүргүзүү аяктады.

Жолугушуунун соңунда тараптар өнөктөштүктү мындан ары тереңдетүүгө өз ара кызыкдар экендиктерин билдиришти жана биргелешкен демилгелерди өз убагында ишке ашыруунун маанилүүлүгүн баса белгилешти.