04
Июнь
2025
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Чолпон-Ата шаарында өткөн КМШ мамлекеттеринин Бажы кызматтарынын жетекчилеринин кеңешинин жыйынына катышты
2025-жылдын 4-июнунда, Ысык-Көл облусу, Чолпон-Ата шаары, №2 мамлекеттик резиденциясы - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Чолпон шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин Бажы кызматтарынын жетекчилеринин Кеңешинин 80-жыйынына катышты.
Өзүнүн куттуктоо сөзүндө Данияр Амангелдиев заманбап дүйнөдө стратегиялык ийкемдүүлүктүн жана туруктуу чечимдердин маанилүүлүгүн белгиледи. Ал эки негизги иш-чараны бир аянтчада – КМШнын Бажы кызматтарынын жетекчилеринин Кеңеши менен Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин Бажы кызматтарынын биргелешкен коллегиясында өткөрүү координациянын жогорку деңгээлин жана бажылык башкаруу чөйрөсүндө конкреттүү натыйжаларга жетишүүгө бирдиктүү көңүл бурууну көрсөтүп жатканын баса белгиледи.
Төраганын биринчи орун басары бажы тармагын өнүктүрүүнүн приоритеттүү багыттарынын бири катары санариптештирүүгө өзгөчө көңүл бурду.
"Акыркы жылдары өз ара аракеттенүүнүн электрондук форматтары жигердүү киргизилип, бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана автоматташтыруу боюнча долбоорлор ишке ашырылууда. Заманбап технологиялар ачык-айкын, эффективдүү жана ишенимдүү бажы башкаруусунун пайдубалына айланууда", - деп белгиледи ал.
Жыйындын күн тартибинде өткөн жыйындын чечимдерин аткаруунун жүрүшү, гибриддик унааларды идентификациялоо боюнча тажрыйба алмашуу, электромобилдердин заряддоочу түзүлүштөрүнө карата бажы операцияларын жүргүзүү сыяктуу негизги маселелер каралды.
Катышуучулар санариптик технологияларды өнүктүрүүгө, бажы жол-жоболорун жакшыртууга, ошондой эле укук колдонуу практикасын жана КМШ өлкөлөрүнүн бажы кызматтарынын өз ара аракеттенүүсүн күчөтүүгө өзгөчө көңүл бурушту.
Отурумдун жыйынтыгында аракеттерди координациялоону мындан ары күчөтүүгө, санариптик трансформацияны активдештирүүгө жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин аймагында бажы кызматташтыгынын натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган макулдашылган чечимдер кабыл алынды.