04

Июнь

2025

МинКаб дарыкана уюмдары аркылуу калкты амбулаториялык деңгээлде жеңилдетилген дары-дармек менен камсыз кылуу жөнүндө жоболорду бекитти

img

Камсыздандырылган калктын жана калктын жеңилдетилген категорияларынын амбулаториялык деңгээлде дары каражаттарына экономикалык жана физикалык жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында, “Дарыкана уюмдары аркылуу калкты амбулаториялык деңгээлде жеңилдетилген дары-дармек менен камсыз кылуу жөнүндө жоболорду бекитүү тууралуу” токтом кабыл алды. Токтомго МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. 

Токтом менен төмөнкүлөр бекитилди:

1. Дарыкана уюмдары аркылуу оорулуулардын жеңилдетилген категориясын амбулаториялык деңгээлде дары-дармек менен камсыз кылуу жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;

2. Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун кошумча программасы боюнча дарыкана уюмдары аркылуу калктын камсыздандырылган категориясын жеңилдетилген дары-дармек менен камсыз кылуу жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык.

Жеңилдетилген дары каражаттар программасын башкаруу экиге бөлүндү: Мамлекеттик кепилдиктер программасы боюнча жеңилдетилген категориядагы оорулууларды дары каражаттар менен камсыздоо Саламаттык сактоо министрлигине, ал эми камсыздандырылган категориядагы калкты дары каражаттар менен камсыздоо Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна жүктөлөт.

Токтомдун толук тексти менен шилтеме аркылуу таанышууга болот.

https://www.gov.kg/ky/npa/s/4664