04

Июнь

2025

МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев КМШ Өкмөттөрүнүн башчыларынын кеңешинин жыйынына катышуу үчүн жумуш сапары менен Тажикстанга келди

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Тажикстан Республикасынын Душанбе шаарына жумуш сапары менен келди.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын учагы Душанбе эл аралык аэропортуна конду.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевди Тажикстандын Премьер-министринин орун басары Усмонали Усмонзода жана башка расмий адамдар тосуп алышты. 

Аэропорттун флагштокторуна Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн мамлекеттик желектери илинди.

Эскерте кетсек, Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев жумуш сапарынын алкагында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөттөрүнүн башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат. 

Ошондой эле, эки тараптуу жолугушуулар жүргүзүлөт жана бир катар документтерге кол коюлат.