05

Июнь

2025

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев КМШ Өкмөттөрүнүн башчыларынын кеңешинин тар курамдагы жыйынына катышты

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Душанбе шаарына (Тажикстан Республикасы) болгон жумуш сапарынын алкагында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) Өкмөттөрүнүн башчыларынын кеңешинин тар курамдагы жыйынына катышты. 

Отурум башталаар алдында делегация башчылары алгач саламдашып, андан кийин биргеликте сүрөткө түшүү аземи болду. Андан соң КМШга мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчылары сүйлөшүүлөр залына өтүштү. 

Отурумдун жүрүшүндө КМШга мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчылары КМШнын алкагындагы экономикалык кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулап, мындан аркы мамилелерди бекемдөөнүн, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун жана кызматташуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти. 

Белгилей кетсек, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөттөрүнүн башчыларынын кеңешинин жыйынына — Азербайжан Республикасынын Премьер-министри Али Асадов, Армения Республикасынын Вице-премьер-министри Мгер Григорян, Беларусь Республикасынын Премьер-министри Александр Турчин, Казакстан Республикасынын Премьер-министри Олжас Бектенов, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин, Тажикстан Республикасынын Премьер-министри Кохир Расулзода, Түркмөнстандын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Ходжамурат Гельдымурадов, Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов жана КМШнын Аткаруу комитетинин Башкы катчысы Сергей Лебедев жана башка расмий өкүлдөр катышууда. 

КМШ Өкмөттөрүнүн башчыларынын кеңешинин жыйыны кеңейтилген курамда улантылып, анда КМШнын алкагындагы кызматташуунун ар кандай багыттагы маселелери каралат.