05

Июнь

2025

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов Японияга иш сапарынын алкагында бир катар жолугушууларды өткөрдү

Осака, Япония, 2025-жылдын 5-июну – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсаловдун Японияга иш сапары уланууда.

Иш сапардын алкагында Япониянын туристтик операторлорунун ассоциациясынын Президенти Кунихаро Эбина менен жолугушуу болду. Тараптар Кыргызстандын туристтик потенциалын илгерилетүү жолдорун талкуулашып, 2025-жылдын 10-15-июнуна пландаштырылган Япониянын алдыңкы туроператорлору үчүн таанышуу турун уюштурууну макулдашты. Япон тарап туризм тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө жогорку кызыкдарлыгын билдирип, япон саякатчылары үчүн келечектүү багыт катары Кыргызстандын жагымдуулугун белгиледи. 

Ошондой эле Эдил Байсалов Япониянын Премьер-министринин Атайын кеңешчиси Акихиса Нагасима менен жолугушту. Талкуунун өзөгүндө эки тараптуу саясий жана экономикалык мамилелерди чыңдоо маселелери, ошондой эле кыргыз-япон өкмөттөр аралык комиссиясын түзүү демилгеси болду.

Иш сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын делегациясы Япониянын технологияларды жана ишкердикти колдоо боюнча алдыңкы борборлорунун бири болгон Осака шаарындагы “Билим капиталы” инновациялык платформасында болушту. Мында Япониянын тышкы соода уюмунун өкүлдөрү менен жолугушуу өтүп, анын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркынын жана «Билим капиталы» платформасынын мүмкүнчүлүктөрү тааныштырылды. 

Санариптик технологиялар, стартаптарды колдоо, кыргыз өндүрүмдөрүн япон рыногунда жылдыруу жаатында кызматташуунун келечеги талкууланды. Япон тарап инновациялар жана Кыргызстандан жогорку сапаттагы өндүрүмдөрдү импорттоо жаатында кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экендигин билдирди.

Осака, Япония, 2025-жылдын 5-июну – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсаловдун Японияга иш сапары уланууда