05
Июнь
МинКаб башчысынын орун басары Бакыт Төрөбаев Дүйнөлүк банктын Борбор Азия өлкөлөрү боюнча Аймактык директору Татьяна Проскуряковага Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасын тапшырды
Бишкек, "Ынтымак Ордо", 5-июнда - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Дүйнөлүк банктын Борбор Азия өлкөлөрү боюнча Аймактык директору Татьяна Проскурякова менен анын Борбордук Азиядагы миссиясынын аякташына байланыштуу жолугушту.
Тараптар эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, анын ичинде Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоору боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди талкуулашты.
МинКаб башчысынын орун басары Дүйнөлүк Банктын аймактык директору Татьяна Проскуряковага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, биргелешкен аракеттер менен тараптар дүйнөлүк банктын энергетика, ирригация, суу менен камсыздоо, билим берүү, саламаттыкты сактоо жаатындагы долбоорлорунун портфелин бир кыйла кеңейтүүгө жетишкенин белгиледи. Чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө олуттуу колдоо көрсөтүлдү, калкты ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча ири долбоорго өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттары тартылды.
"Мен сиздин Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча масштабдуу энергетикалык долбоорду илгерилетүүгө кошкон жеке салымыңызды белгилеп кетким келет. Кыргыз Республикасы менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого, ошондой эле Кыргыз Республикасына мамлекеттик инвестицияларды тартууга кошкон салымы үчүн Сизге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасын тапшырууга уруксат этиңиздер", – деп белгиледи Бакыт Төрөбаев сыйлыкты тапшыруу учурунда.
Дүйнөлүк банктын Борбор Азия өлкөлөрү боюнча аймактык директору Татьяна Проскурякова өз кезегинде анын кызматтагы ишине жогору баа бергендиги үчүн ыраазычылык билдирди. Ал Кыргыз Республикасы менен кызматташуунун алкагында жетишилген натыйжалардын маанилүүлүгүн баса белгиледи.
"Кыргыз Республикасы акыркы бир нече жыл ичинде жасаган ийгиликтери мени кубандырат. Сиздер "илбирстин секирүүсүн"жасагыңыздао келет. Сиздер "Борбор Азиянын барсысы" болосуздар деп ишенем. Сиздерди Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоорун ишке ашыруунун башталышы менен куттуктайм, бул сиздердин өкмөтүңүздүн эмгеги. Биз сиздер менен көп нерсеге жетиштик жана бул башталышы гана", – деди Татьяна Проскурякова, өлкөнү туруктуу өнүктүрүү жана анын жарандарынын бакубаттуулугун жогорулатуу кызыкчылыгында Дүйнөлүк банк менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы өнөктөштүктү мындан ары да бекемдөөгө ишенимин билдирди.